Парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын курамында аттанган Айтмамат Назаров талапкерликтен баш тарты.

Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Гульнара Джурабаева билдирди.

Маалымат боюнча, Назаров арызын 21-сентябрда жазган. БШК жакынкы отурумунда арызды карап, чечим кабыл алат.

Эске салсак, «Улуттук энергохолдингди» жетектеп келген Айтмамат Назаров шайлоо алдында кызматын өткөрүп бергенине карабай, энергетикалык объектилердин ачылыш аземдерине катышып сөз сүйлөп, анысы телеканалдар аркылуу таратылып, үгүт тартибин бузганы боюнча анын үстүнөн арыз түшкөн. Боршайкомдун жумушчу тобу 20-сентябрь күнү арызды кароого киришкен.

Назаров мүчө болгон “Кыргызстан” партиясы шайлоо эрежесин бузган деп буга чейин да эки жолу маселе көтөрүлгөн.

Булак: govori.tv