Ош облусунун Араван районундагы окуя боюнча "Мекеним Кыргызстан" жана "Биримдик" партиялары билдирүү таратышты.

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын расмий билдирүүсүнө ылайык, 20-сентябрда партиянын талапкери Илхом Маннанов Араван районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүп жатканда чагымчыл топ жыйынды үзгүлтүккө учуратып, чатак чыгарган. Партия билдирүүсүндө чагымчыл топ кимдер экенин жазган жок.

Маалыматка караганда, жыйындагы чырдан кийин "Мекеним Кыргызстандын" бир нече тарапкери ооруканага жеткирилген. Алардын бири Ош аймактык ооруканасында оор абалда жатат.

Ал эми "Биримдик" партиясы бул окуя боюнча билдирүүсүндө чагым салгандар мыйзам алдында жооп бериши керек экенин белгиледи. Партия укук коргоо органдары жакын арада иликтөө жүргүзүп, окуядагы чагымга күнөөкөрлөрдүн тек-жайын аныктаарына ишенерин жазды.

Социалдык тармактарда колдонуучулар аталган эки партиянын тарапкерлеринин ортосунда чыр чыкканын жазышкан. Бирок партиялар бул маалыматты тастыкташкан жок.

Буга чейин маалымдалгандай, 20-сентябрь күнү кечинде Араван районунун Юсупов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында "Мекеним Кыргызстан" партиясы үгүт жүргүзүп жатканда уруш чыгып, 12 киши денесинен ар кандай жаракат алып ооруканага түшкөн.

Бүгүн премьер-министр Кубатбек Боронов Ички иштер министрлигинин жетекчилигине Ош облусунун Араван районунда эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосунда болгон окуя боюнча тез арада иликтөө иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Булак: media-center.kg