Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Сүлүктү шаарына барды. 

Биз даярдаган мыйзам долбоорлору Кыргызстанды өнүгүү жолуна баштайт. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынн лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 17-сентябрда Сүлүктү шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

-Кээ бирлер колунда бар бийликти сактап калуу үчүн, кээ бирлер бийлигин көбөйтүш үчүн чуркап жүрүшөт. А биздин максат – элибиздин жашоо-турмушун өзгөртүү, мамлекетибизди өнүгүү жолуна баштоо. Биз кантип бул максатыбызды ишке ашыра алабыз? Бул боюнча мыйзам долбоорлорун даярдап койгонбуз, Кудай буйруп сиздердин колдооңуздар менен парламентке барсак, мыйзам долбоорлорун өткөрүп, иштешин көзөмөлдөйбүз.

Чек ара маселесин мамлекеттин эң башкы, маанилүү маселесине айлантуу керек. Чек ара аймагында жашаган элдин жашоо-шартын жакшыртып, коопсуздугун сактоо мамлекеттин негизги милдеттеринин бири болушу зарыл, - деди Камчыбек Ташиев.