Парламенттик шайлоого карата үгүт иштерине расмий старт берилгенине бүгүн туура жетинчи күн.

Ушул жети күндөн бери маалымат каражаттарында, интернет-сайттарда, социалдык түйүндөрдө кычыраган, тим эле мээримдүү жылмайган сүрөттөр жайнады. Жалындуу, патриоттук духту көтөргөн ураандар жазылды. Алар менен катар эле таттуу убадалардын «парады» жүрө баштады. 

2010-жылдан бери шайлоолорго үзгүлтүксүз катышып, жеңишке ээ болуп келаткан партиялардын айрымдары мурдагы эле убадаларын кайра дагы кайталашууда. Болгону анча-мынча оңдоп-түзөп, учурга ылайыкташтырып алышкан. Баягы эле арзан пайыздагы ипотекалык, айыл чарбалык кредиттер, баягы эле административдик-аймактык реформалар, баягы эле сот реформасы, баягы эле чек ара маселелерин «дароо» эле чечип салуу убадалары үстөккө-босток берилди. Айлык акыларды, пенсия, жөлөк пулдарды 2-3 эсе, алтургай жаңы төрөлгөн наристеге сүйүнчү пулду 10 эселеп көбөйтүп беребиз деген «жалындуу» убадалар. 

 Мына ушул сыяктуу толгон-токой убадаларды берип жаткан саясий партияларга «Мурда кайда жүрдүңөр эле?» деген суроону узаткың келет. Мурда деле саясатта эмес белеңер? Мурда деле парламентте отурбадыңарбы? Өкмөттү курабадыңарбы? Ошондо ушул убадаларды аткаруу үчүн колу-бутуңар тушалуу беле? 

Эл убададан жалкып калды. Көңүлдү көккө көтөрүп туруп кайра жерге чаап салгандай эле болгон буга чейинки айтылган, аткарылбай калган убадалар. Андыктан эми убаданын артында анын кантип аткарыла турганы боюнча чечмелөөсү да болушу керек. Эгер аткара албай калышса, анда кандай жоопкерчилик тартууга даяр. Мына ушундан өйдө өз программаларына ачык жана так жазуулары зарыл. Ошондо гана азыраак болсо да ишеним пайда болот. Эгер берилген убадалар аткарылса, анда ишеним улам өсөт. 

Партияларга, саясатчыларга болгон ишеним өчүп калганына байланыштуу коомчулукта «Шайлоо күнү бюллетенде «Баарына каршы» добуш берели» деген чакырыктар да болууда. Бул чакырык деле мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбейт. Мамлекет мыйзам талаасынан чыкпашы үчүн мыйзамдуу парламенти, мыйзамдуу өкмөтү болушу шарт. Эгер биз баарына каршы добуш берсек, анда бүгүнкү катышып жаткан партиялардын бири дагы кийинки өтө турган шайлоого катыша албай калат. Анан биз кимдерди шайлайбыз? Же дагы шашылышынан жаңы партияларды түзө калабызбы? 

Аламанга аттанган 16 партиянын ичинде бычакка сап боло ала тургандары да бар. «Кой аксагы менен миң» демекчи, баардык эле партияларда кемчилиги да, артыкчылыгы да бар. Биз шайлоочулар ошону терең калчообуз зарыл. Кайсыл партиянын артыкчылыгы көбүрөөк? Кайсыл партияда билимдүү, маданияттуу, тажрыйбалуу кадрдар бар? Тандообуздун өзөгүн ушул суроолордун түзгөнү абзел. 

«Биздин айылга жол салып берген», «Суу чыгарып берген», «Трансформатор койдуруп берген» деген сыяктуу себептер менен добушубузду бербейли. Ал сатылган добуш болуп калат. Бизге шайлоо алдында акча таратып же жол салып, суу чыгарып калган талапкерлер эмес, дээрлик беш жыл бою мамлекеттин өнүгүүсүн камсыздоого бел чечпей иштей турган депутаттар керек.

Булак: media-center.kg