Бишкек, "Саясат. kg".  Биз шайлоону беш жылда бир келчү, мамлекеттин багытын тандоочу мүмкүнчүлүгүбүз катары карашыбыз керек.

“Мекенчилдин” лидери Камчыбек Ташиев 4-сентябрда абактагы саясий туткун Садыр Жапаровдун кичи мекени Ысык-Көл районуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылынын тургундары менен жолугушту.

“Мурда мынчалык эмес эле, шайлоолордо катарына беш-алты ууруларды кошуп алган бийликтин бир партиясы чыкчу. Ал партияга бюджеттин көзүн караган кызматкерлерди мажбурлап добуш бердиртип, өтүп кетишчү. Бүгүнкү күндө андан да оор кырдаал жаралды. Себеби, катарында мамлекеттик кызматтарда иштеп, топтолуп коррупцияга жол берген үч-төрт партия чыгып, элдин башын айлантууда. Мурда эл бир партия менен күрөшсө, азыр үч-төрт партия менен күрөшкөнгө аргасыз. Элдин айласы калбай калды”, - деди Камчыбек Ташиев.

Лидер элди мындай партиялардын куру убадаларына алданып, добушун акчага алмаштыруудан баш тартууга жана  мамлекеттин келечеги үчүн маанилүү орду бар партияларга басым жасоого чакырды.

“Акча сунуштагандарга элдин, журттун, мамлекеттин кереги жок. Тапканын чет өлкөгө алып чыгышат, ал жактан үй алышат, башка кылышат. Же Кыргызстандын кен байлыгын сатып алып, тоону чукуйт. Ошентип дагы бир беш жыл жыргайт дагы, бир айлык маянасын элге тарката коюп кайрадан парламентке барып алат. Муну эл-журтка жеткириш керек”, - деди Камчыбек Ташиев.

Ал коррупциялык иштерге таза саясатчыларды тартуу аракеттери жүрөөрүн, муну менен чындыкты айткандардын катарын азайтууну каалашарын белгиледи.

“Кээде мени да сазга тартып кеткилери келет. Мени жана башка мага окшогон чындыкты айтуучуларды тартып кетишсе, баарыбыз унчукпай калсак эмне болот? Эгер мени тартып кетишсе, минтип коррупция тууралуу айта алмак эмесмин. Чындыктан качып, сылап-сыйпап сүйлөр, силердин көңүлүңөрдү көтөрүп коюп, “мени шайлагыла”, -деп кете бермекмин”, - деди “Мекенчил” партиясынын лидери.

Камчыбек Ташиев ак жерден айыпталып абакта жаткан Садыр Жапаров маселесине датоктолду.

“Ниети, колу таза уулдарыңардын бири – Садыр Жапаров. Садырдын Кең-Суу айылынан чыкканына сыймыктанышыңар керек. Садыр үчүн жалпы Кыргызстан тынчсызданат. Баткендин Кулунду айылына барып калсам, жергиликтүү тургундар: “Садыр Жапаров качан чыгат? Аны кантип чыгарышыбыз керек? Эмнеге аны мынчалык кыйнап жатышат? Эмне күнөөсү бар? Бийлик андан коркуп жаткандай, бир билгени бар го, абактан чыгарса кайсы бир иштерине тоскоолдук жаратат го”, - деп жашы-карысы дебей кабатырланып сурашты. Мына, балаңардын кадыр-баркы”, - деди Камчыбек Ташиев.

Ал “Мекенчил” партиясынын парламенттик шайлоого баруудагы башкы максаттарынын бири - Садыр Жапаровду мыйзам чегинде эркиндикке чыгарып, соттуулугун жоюп, мамлекеттик кызматка алып келүү экенин белгиледи.

“Садыр Жапаровду чыгарып алабыз деген карапайым эл көп кыйналды. Кандай жолдон басып өткөнүңөр белгилүү. Ошондуктан, Садырды абактан чыгарып алуунун бир жолу калды. Парламентке көпчүлүк болуп барып, өкмөттү түзүп, чириген саясий системаны алмаштыруу зарыл”, - деди ал.

Андан ары Камчыбек Ташиев Нарын жана Ысык-Көл областтарынын шайлоочулары менен жолугушту. “Мекенчилдин” лидери эмне деди?

Кемин районунун Кызыл-Суу айылында:

-Электр энергиясын өндүрүүдөгү, сатуудагы жана колдонуудагы чоң уурулукту токтотуу керек. Бүгүнкү күндө электр энергиясын 2 сом 16 тыйындан алып жатабыз. Анын Токтогул ГЭСиндеги өндүрүлгөн баасы 10 тыйын. 10 тыйын! Өткөргүчтөр менен ташып келгендеги чыгашалары биригип дагы он тыйынга жетет. Салыкты кошсок дагы он тыйын. 20 тыйынды мамлекеттин пайдасына түшө тургандай кылса, жалпы баасы 50 тыйынга жетет. Кайдагы 2 сом 16 тыйын?! Ким жеп жатат?! Электр энергиясындагы отчеттордо 30-35 пайызы “жоготуу” деп турат. Анын баары аткаминерлердин чөнтөгүнө түшөт. Же нак өндүрүлгөн бааны төлөйлү же биз берген 2 сом 16 тыйындын баары мамлекеттин казынасына түшө тургандай кылалы. Электр энергиясындагы чоң мафия, коррупция тыйылмайын айыл чарба өнүкпөйт, экономика алдыга жылбайт, пенсия, жөлөкпулдар көбөйбөйт.

Кочкор районунда:

- Биз шайлоону беш жылда бир келчү, мамлекеттин багытын тандоочу мүмкүнчүлүгүбүз катары карашыбыз керек. Ал мүмкүнчүлүктү туура пайдаландыкпы же туура эмес кадам таштап алдыкпы – кийинки беш жыл далилдейт. Ар бир шайлоочу менин бир гана добушум бар, ал балдарымдын келечеги деген ойду бекем карманып, терең ойлонуу менен тандоо жасашы керек. Баарыбыз таза шайлоо үчүн аракет жасашыбыз зарыл. Биздин катарыбызда коррупционерлер, мамлекеттин байлыгына кол салып байыгандар, эл-журтка зыянын тийгизгендер жок. Биз талапкерлерибизден акча жыйнап, элдин добушун сатып алалы деген ойдон алыспыз .

Нарында:

- Коргоо министрлигин кайрадан түзүшүбүз керек, ден-соолугу таза балдарды армияга милдеттүү жөнөтүшүбүз шарт. Мындан тышкары мамлекеттик кызматка кирип, ант берген ар бир жогорку кызматкердин балдарын сөзсүз түрдө армияда кызмат өтөөсүнө милдеттендиришибиз керек. Булар кимдер? Алар соттор, депутаттар, министрлер, президент, премьер-министрлер. Өкмөт башчынын бааласы жөнөкөй жарандардын балдарындай аскердик бөлүктөрдө кызмат өтөсүн. Премьер ал жерге барып, эмнеге мурункулар жаңы келгендерге үстөмдүк көрсөтөөрүн, бей күнөө аскерлердин бөөдө өлүмгө дуушар болуп жаткандарын  көрсүн. Мыйзам менен аларды ушуга мажбурлашыбыз керек. Кээ бир аткаминерлер бала-чакасынын кызмат өтөп жүргөнүн айтышат, бирок алардын балдары үйлөрүндө эле жаткан болот. Бул эч кимге жашыруун эмес.

Ат-Башыда:

-2020-жылга чейин Конституция өзгөртүлбөйт деп бекитилген. 2020-жыл да келди. Он жыл аралыгында 2010-жылы кабыл алган, учурда иштеп жаткан Конституция туура эместиги далилденди. Бири парламенттин, бири өкмөттүн, бири президенттин оозун караган жоопкерчиликсиз органдар пайда болду. Ошондуктан, Баш мыйзамды өзгөртүүгө барып, бир жактуу башкарууну киргизүү керек. Бир гана мамлекет деген орган болушу шарт. Ал орган жарандардын жашоо-турмушун жакшыртып, өлкөнү өнүктүрүүнү гана жолго койбостон, коррупционерлерди, мамлекеттин байлыгын талап-жегендерди бүгүнкүдөй тайраңдатпай, жоопкерчиликке тартууну да колго алуусу зарыл. Коррупцияга баткан адамдар токтобойт, алар өмүр бою тоношот, көздөрү топуракка толмойун, көкүрөктөрү тойбойт. Эмнеге элим-жерим, акыйкаттык деген адамдар түрмөдө отуруп, а мамлекетти тоногондор бийликте жүрүшү керек?

Ак-Талаада:

- Улуу аалымыбыз, маркум Чубак ажы да айткан, катуу айткан, ачуу айткан, бирок кыргызга жетсин деп айткан. “Добуш сатып алган акча - арам”, - деген. Ал акчага балдарыңарга алып берген тамак-ашыңар, кийим-кечегиңер арам деген. “Мекенчил” партиясы добуш сатып албайт. Бир добуш берсеңер да таза, адал добуш беришиңерди суранабыз. Парламентке барсак, ар бириңердин чын жүрөгүңөр менен берген таза добушуңар менен барууну каалайбыз.

Балыкчыда  

- 2020-жылдын 1-январынан баштап жаңы Кылмыш-жаза Кодекси кабыл алынды. Анын негизинде көптөгөн адамдар, буга чейин камалган саясатчылардын баары камактан чыкты. Бир гана Садыр Жапаров абакта азап чегип олтурат. Ага жаңы Кодекс да, амнистия да колдонулбады. Эмнеге? Анткени анын эрки күчтүү. Бир аз эркин сындырып, “мейли, мен саясатка аралашпайм, чындыкты айтпайм, силерге кошулуп калп сүйлөйм”, - деп макул болгондо, эчак чыкмак. Мындай уулу менен кыргыз эли сыймыктанышы керек. Садырдын башына түшкөн оор күндү эч кимдин башына салбасын. Кыйынчылыкка майышпай, чындыктан кайтпаган мындай жигит Кыргызстанда бирөө гана!