Чогулгандарды БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова кабыл алды.

25-августка караган түнү Борбордук шайлоо комиссиясында шайлоого ат салышкан партиялардын өкүлдөрү, жарандык активисттер жана журналисттер чогулуп, БШК жетекчилигинен «Кыргызстан» партиясы саат канчада талапкерлеринин тизмесин өткөргөнүн так көрсөтүүнү талап кылышты.

Чогулгандарды БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова кабыл алды. Топтолгондорго имараттын кире беришинде коюлган камерадан алынган видео жана партиялардан келген документтерди каттоо журналы көрсөтүлдү.

Камерадан алынган видеодогу убакытка караганда «Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү документтерди мыйзамда белгиленген сааттан кеч алып киришкен.

Ошондой эле партиялардан келген документтерди каттаган журналда дагы «Кыргызстан» партиясы тапшырган убактысы кол менен оңдолуп, саат 17.59 деп жазылганы көрсөтүлдү.

Боршайкомдун мүчөсү видеокамеранын сааты 13 мүнөт алдыда экенин айтты.

БШК Жогорку Кеңешке шайлоого бара турган партиялардан талапкерлердин тизмесин жана тийиштүү документтерди кабыл алууну эрежеге ылайык, 24-августта саат 18:00дө токтотот.

Шайлдабекова маселени БШКнын жумушчу тобу 24 сааттын ичинде карап чыгарын билдирди.

24-августта саат 18:20да БШКнын басма сөз кызматы 17 партиянын тизмесин тапшырганын жарыялаган, алардын катарында «Кыргызстан» партиясы да аталган.

Көп өтпөй социалдык тармактарда «Кыргызстан» партиясы документтерин мыйзамда белгиленген убакыттан кеч алпарып, маселени жең ичинен чечүүгө аракет кылып жатканы тууралуу маалымат тараган.
Аталган партиянын өкүлү Нурбек Алимбеков жана БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдиришкен.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. БШК 4-сентябрга чейин талапкерлер тууралуу маалыматтарды текшерип, анан бир айлык үгүт башталат.

Булак: Азаттык