Бишкек, “Саясат.kg”. “Ата-Журт” партиясынын басма сөз кызматынын билдирүүсү

Бүгүн “Ата-Журт” партиясынын айрым мүчөлөрүнүн “Мекеним-Кыргызстан” партиясы менен меморандум түзүп, кошулгандыгы тууралуу кабарланды.

Буга байланыштуу, “Ата-Журт” партиясынын басма сөз кызматы төмөнкүлөрдү билдирет:

Биринчиден, партиянын мүчөлөрү, анын ичинде “Ата-Журт” партиясынын тең-төрагасы Ахматбек Келдибековдун башка партияларга өзүнүн атынан кошулууга акысы бар.

Экинчиден, партиялардын мүчөлөрүнө саясий кеңештин жана съезддин чечимисиз башка партиялар менен өз алдынча меморандум түзүүгө укук берилген эмес. Демек, айрым партия мүчөлөрүнүн кошулуусун “Ата-Журттун” биригүүсү катары жарыялоого алардын укугу жок.

Так кесе айтып коюу керек – “Ата-Журт” саясий партиясы бул шайлоолорго катышпайт жана эч бир партия менен бириккен эмес!

Нургазы Анаркулов,

 “Ата-Журт” саясий партиясынын басма сөз катчысы