«Демократ» саясий партиясы «Бир Бол» партиясы менен биригүү чечимин кабыл алды.

«Демократ» саясий партиясынын лидерлеринин бири — Эсен Момункулов. Ал буга чейин Инвестицияларды өнүктүрүү агенттигин жетектеген. Экономикалык маселелер боюнча эксперт.  

«Бир Бол» саясий партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов партия толук жаңыланып жатканын, катарына саясий айдыңда орду бар, түптөлүп калган партиялардын кошулуусу реформаны жана өзгөрүүнү күтүп жаткан жарандардын позициясын бекемдей турганын билдирди.

«Бир Бол» партиясынын саясий кеңеши жаңыланган. Анда экономика, медицина, билим берүү, айыл чарба, маданият ж.б. тармактар боюнча эл аралык тажрыйбасы бар адистер чогулганы айтылган.

Жогорку Кеңешке шайлоо ушул жылдын 4-октябрында өтөт. Ага катышуу ниетин билдирген партиялар 20-августка чейин съезддерин өткөрүп, талапкерлердин тизмесин БШКга тапшырышы керек.

Булак: Маралфм