Камчыбек Ташиевдин «интернет мейкиндигиндеги кээ бир жалган жалааларды гана жазып, коомду ичтен иритүүгө алып барчу иш-аракеттерди жүргүзүп жаткандар каттоого алынып, аларга чаралар көрүлөт» деп айтканын кээ бирлер чок баскандай кабыл алышты.
А бирок Ташиев түпкүлүгүндө эң туура айтты. Бүгүнкү күндө интернет айдыңында фейк аккаунттарга жүздөрүн жашырышкан топтор, күчтөр пайда болгондугу чындык. Сөз эркиндиги, ой эркиндиги дегенди бетке кармашып өлкөнүн бүтүндүгүнө, стабилдүүлүккө, элдин ынтымагына доо кетирүүгө, коомду дискредитациялоого багытталган нерселерди жазып калышты. Тилекке каршы, аларда эч кандай жоопкерчилик болбой жатат. Көпчүлүк үчүн бир ууч топтун, бийликти эңсеген күчтөрдүн кызыкчылыктары эмес, мамлекеттеги тынчтык маанилүү.
Ошондуктан УКМКнын бул багытта иштерди алып барууга мезгил жетти. УКМКнын бир функциясы – өлкөнүн ички коопсуздугун камсыз кылуу. Буга чейинки УКМК башчыларынын эч кимисинин аны ачык айтууга жүрөктөрү, духтары жетпей келген. Ташиев ачык айтты. Ал кээ бирлерге жакпай, Ташиевди каралаганга өтүштү. Чындык ушундай болот, баарына тегиз жакпайт.
Чолпон Байзакова