Бүгүн өлкөдө коррупционерлерге карата кескин кадамдар жасалууда. Мыйзамсыз баюу, менчиктештирүү, маммүлктү ээлеп алуу, аны менен катар мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген долбоорлор менен иштөө өӊдүү иштер казылып чыгууда. 

Албетте, мындай өӊүттө иш алып баруу түздөн түз душман арттырууга алып келет. Арттырып да жатат. Ушу тапта айрым бир күчтөр жана ошол эле камакка алынгандардын тарапташтары жеке кызыкчылык үчүн коомдук пикир жаратууну көздөп соцтармактарда чындыкка сыйгыс, акылга коошкус маалыматтарды, кызылдай каралоо жана жаманаттылоо маалыматтарын чагылдырууга жан үрөшүүдө. Анын мисалдарын келтириштин азыр зарылчылыгы жок. Анткени жүйөөсүз кепке жүгөн салуунун убаракечилиги кимге керек?

Бирок, учур бийлиги андан корккон жок. Анткени алардын артында бир ууч жеке кызыкчылыкты көздөгөн жана коомго азгантай үлүштө жем ыргыткан топ эмес бүтүндөй Кыргыз эли, коомчулук жар болуп турат. Анткени бир гана түшүнүк бүгүн асабасын желбиретүүдө. Жедиӊби? Мыйзам чегинде жаза тарта же мамлекеттик казынага төлө!

Бүгүнкү камоолор, териштирүүлөрдү Кыргыз мамлекети, анын эли 30 жыл боюу күтүп келген. Эгемендиктеги эркин жана максаттуу жашоого карата болгон элдин кыялын ойрон кылган бир ууч чиновниктик топко акыры бир элек, тараза керек эле. Андай озуйпа бүгүнкү бийликке туш келиптир. Мындай батыл кадамга барып, учурдун удулун кетирбей өз баасын тарых алдында берип жаткан бүгүнкү бийликти колдоого албасак эртеӊ эл болуудан калабыз. 

Албетте, ар кыл аналитиктер, конфликтолог, жактоочулар, лидер сымактар ар кыл пикирди айтышаар. Түпкүлүгүндө ар бири жүрөгүндө бул кадамдарды колдоп турат. 

Тазалануу, коомчулук күткөн люстрация мына ушул кадамдар менен биздин коомчулуккка арыш салды. Аны колдоп алалы!

Кубаныч Зайнидинов