"Мен буга чейин бир нече жолу парламентаризмди жактай турганымды жазгам, анын үчтүнө "Ар Намыс" партиясынын 2000-жылы кабыл алынган программасында үй-бүлөлүк-кландык башкаруудан кийин парламенттик формага өтүү зарылдыгы жазылган. Андан кийин бир жыл мурда, өлкөдө бир "кожоюн" болушу керектигин жарыяладым. Көпчүлүк менден көз карашымда карама каршылык жаралып калган жокпу деп сурашат. 

Жооп берейин - карама каршылык жок. Эмнеге экенин түшүндүрөм. 

 Менин түшүнүгүмдө парламентаризм бул - шайлоодо башка партияларга караганда көп добуш чогулткан партия өкмөттү түзөт, анын лидери премьер-министрдин ордун ээлейт жана башкаруу партиясы ушундай образ менен өлкөдө болуп жаткан окуяларга толугу менен жоопкерчиликти алат. Эгер жакшы иштей албаса, анда кийинки шайлоодо ал жеңилет, эгер албетте, шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтүүгө шарт түзүлүп калбаса.

Аны менен катар оппозициялык партиялардын катары өсүшү да мүмкүн, саясий атаандаштарга айланышып, туруктуу сынчы болушат, башкаруу партиясынын бардык чечимдерине көз салышат. Ошондой абалда кубаттуу жана натыйжалуу тең салмактуу система куралат, премьер-министр болгон "кожоюндун"   "оңго, солго кадамдарын" чоттоп турушат. Ошондой эле, башкаруунун парламенттик формасы адамдарды жердешчилдик принциптер аркылуу, түштүк-түндүк кылып эмес, партиялык жактан бириктирет. Көбү билбесе керек, мында президенттин кызматы бар. Бирок канцлер Меркель айымды баары билишет. Жөнөкөйлөштүрүп айтсак, ал  кожоюн, тагыраак айтканда, өлкөсүнүн кожойкеси. 

Эмнеге бизде ишке ашкан жок? 

Себеп суунун үстүндө калкып турат. Конкреттүү мисалдар менен айтайын. Баарына белгилүү, Атамбаевдин бийлигинин тушунда башкаруу партиясы болуп КСДП эсептелчү. Бирок анын өкүлдөрү бир да жолу премьер-министр болушпады. Сооронбай Жээнбековду гана кошпогондо. Бирок ал 2015-жылдагы шайлоодо өзүн партиянын лидери катары да, келечектеги премьер-министр катары да көрсөткөн жок. Жогорку Кеңешке шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында болду, а ал премьер-министрликке 2016-жылдын апрель айынын ортосунда келди. 2012-жылы парламенттик көпчүлүк коалициясынын төрагасы болгонумда Атамбаевге Чыныбай Турсунбековду премьерликке шайлоо сунушун бергем, ал КСДП партиясынын лидери болчу. Атамбаев баш тартты. Кыскартып айтканда, парламентаризмдин жыты да болгон жок. Болбосо 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын негизинде биз өзүбүздү сыймыктануу менен парламенттик мамлекеттердин катарына кошуп жүрбөдүк беле. 

Бизде президенттик башкаруу формасы болгонбу? Болгон. Мисалы, 2005-жылдын соңунда премьер-министр болгонумда, өкмөт тууралуу ошол убактагы мыйзамга ылайык, премьер президенттин алдында жооптуу жана парламентке отчет берүүгө милдеттүү болчу. Бирок аны менен катар мамлекеттик башкаруу системасында кош тараптуулук жаралган. 

Конституциянын учурдагы долбоору кош тараптуулукту жоет, анткени президент мамлекеттин башчысы гана болбостон, аткаруу бийлигинин башчысы да болуп, абдан көп укук алат. 11-апрелден кийин де-юре жана де-факто, эгер эл Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алса, өлкөдө баары үчүн бир адам жооп берет. 

Жаңы Конституция боюнча президенттин ыйгарым укугун мен атом энергиясына окшоштурам, аны дагы эл кызыкчылыгындагы тынч максатка колдонууга да болот, тескерисинче кылса да болот. 

Сурамжылоолор көрсөткөндөй, калктын басымдуу бөлүгү туруктуулукту каалашат, көпчүлүгү мурдагы президент Атамбаевдин ыраазычылыгын алып шайланган компромисстүү  чимкирик-депутаттарга ишенбейт. 

Тең салмактуулук тууралуу айта турган болсом, жаңы Конституциянын алкагында парламенттик оппозициянын ролун күчтөндүрө турган мыйзамдарды кабыл алуу керек. Мисалга алсак, сот, укук коргоо органдары, бюджет жана салык боюнча парламенттик комитеттерди оппозициялык фракциялардын өкүлдөрү башкарышы керек. Ошондой эле, оппозициялык фракцияларга жарандардын конституциялык укугун бузуучу айрым мыйзамдарга вето коюу укугун да берүү зарыл", - деп жазды экс-депутат жана экс-премьер-министр Феликс Кулов соцтармактагы баракчасына.