Татарстан Республикасынын Президенти Рустам Минниханов Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады.
“Жооптуу кызматыңызга жигердүү жана жемиштүү ишмердүүлүк, Кыргыз мамлекетин бекемдөөгө жана ар тараптан өнүктүрүүгө багытталган бардык иш-аракеттериңизге ийгиликтерди каалайм. Элдин сизге көрсөткөн колдоосу дем берип, алдыга белгиленген бардык максаттарга жетишүү үчүн күч-кубат болсун. Сизге чың ден соолук, оптимизм жана ак жол. Россия-кыргыз мамилелеринин алкагында Татарстан менен Кыргызстандын ортосундагы эки тарапка тең пайдалуу байланыштар кеңейет деп үмүт артам”, - деп айтылат Рустам Миннихановдун куттуктоо телеграммасында.
- Категория: Саясат
- Просмотров: 132