Чеги жок демократия бизге эмне берди? Бузулган маданиятты, билимсиздикти, тартипсиздикти, ээнбаштыкты, тартипсиз коомду. Кайсы бир иштин жасалышына убакыт керек экендигин эске албай эле, "бийлик иштебей жатат, мурдагыдай эле коррупция болуп жатат, биз өзүбүз эле оңдоп жиберебиз, өзүбүз эле оңдоп жиберебиз, өзүбүз контролдоп салабыз" деген өңдүү мыйзамсыздыкка түрткөн кадамдарды жасоону адатка айланттык.
Мурдагы убактарга токтолбой эле, акыркы болуп жаткан көрүнүштөргө токтололу. Өткөн жылдын октябрь топоңунан кийинки кырдаал али толук тынчый элек. Акырындык менен стабилдүүлүк орноп келатат десек болот. Жаңы жылдын 10-күнүндө жаңы президентти шайлап алдык. Бирок ал али президенттик кызматына кирише элек. 28-январда болчу инаугурациядан кийин гана өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга өтөт.
Бирок ошого карабастан эле интернеттеги социалдык түйүндөрдө "Жапаров эмнеге тынч отурат? Иштебейби?" - деген маанидеги посстор, комментарийлер жазылууда. Ошол эле убакта өздөрүн жаңы бийликтин "колдоочулары" катары көрсөткөн "азаматтар" өлкөнүн ар кайсы аймактарына барып "биз коррупция менен күрөшүп жатабыз, силерди текшеребиз", - деп опузалашканы да айтылып калып жатат. Аларга кайсы бир мекемеге бара калып эле текшерип калуусуна мыйзам жол бербейт. Себеби, алар эч кандай мамлекеттик кызматта эмес. Андыктан, алардын жасап жаткан кадамдарды мыйзамсыздыкка дагы көбүрөөк жол ачуу болуп саналат. Мындай аракеттери менен алар жаңы бийликке кызмат кылбайт, тескерисинче тоскоолдуктарды жаратат.
Мындан улам жаңы шайланган президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасы аркылуу коомчулукка кайрылуу жасады.
Урматтуу мен мекенчилмин деп күйгөн замандаштар!
Коррупция жоголбой жатат, коррупция менен күрөшөбүз деп өз билемдик кылганды токтоткула! Коррупционерлерди мыйзамдуу жолдор жана мамлекеттин күчү менен жок кылабыз. Ал үчүн бир аз гана убакыт керек. Мен бир күн жумушка чыга элекмин. Реформа баштала элек. 28-январь ант берүү күнүнөн кийин расмий ишке киришкенимден баштап реформалар башталат. Жаңы өкмөт түзүлөт. Өкмөттүн жаңы структурасы болот. Апрель айында жаңы Конституция кабыл алынат. Андан кийин жаңы мыйзамдар иштей баштайт.
Ошентип май-июнь айларына барып гана саясий процесстер бүтөт. Ошондон кийин гана коррупционерлерди мыйзам чегинде жок кылабыз. Ал эми бүгүн эле ар кайсы аймактарга жетип барып, мен коррупция менен күрөшүүчүмүн деп, эл арасына бүлүк салып, чагымчылдык кылып жүргөндөрдү токтоткула! Андайларды мекенчил эмес, мага десе бир тууганым болсо да камагыла дээр элем. Биз мыйзамдуу өлкөдө жашашыбыз керек. 30-жыл чыдаган эми алты ай чыдагыла! Бир күн иштей элек жатсам жаңы бийлик иштебей жатат деген дооматыңар калыстыкка жатпайт. Чагымчылдыктын, бирөөлөрдүн куралы болуштун дагы чеги болуш керек", - деп жазды Садыр Жапаров.
Чындыгында жаңы шайланган президент али кызматтык милдеттерин аткарууга кирише элек. Ал эл алдында ант берип кызматына киришкенде да алдыда бир топ оорчулуктар күтүп турат. Андыктан, баарын бир эле күндө ордуна коюп салуу мүмкүн эмес. С.Жапаров өлкөбүз өтө оор абалда турган кезде бийликке келип жатат. Экономикалык абалыбыз өтө оор, саясий кырдаалыбыз да мактанаарлык эмес. Андыктан, өздөрүн мекенчил деп санаган замандаштар С.Жапаровго чындап эле жардам кылууну, колдоо көрсөтүүнү каалашса, анда мыйзамдуулукту сактоо керек.
"Сабырдын түбү сары алтын" дейт кыргыз элибиз. Отуз жыл бою чыдам келгенбиз, эми жок дегенде дагы алты ай чыдасак, жаңы бийликтин ишинин алгачкы натыйжалары көзгө көрүнө баштайт. Өлкөбүз жардын кырында турганда, аны андан ары кулатып жиберүүгө эмес, сактап калууга аракет кылышыбыз керек. Ал үчүн биринчи кезекте мыйзамдын алкагынан чыкпообуз зарыл. Мыйзамдуулук, сабырдуулук жана тартип менен гана ийгиликке жетебиз.
Сагынбек Сатыкеев, Булак: «Майдан. kg» гезити