Укук коргоочу Качкын Булатов менен маек.
-Качкын байке, шайлоого көз салган байкоочулардын көбү кечээги президенттик шайлоону таза өттү деген баасын берип жатышат. Ошол эле учурда таза шайлоодон дагы кынтык издеп, шайлоону тааныгысы келбегендер да чыкты. Сиздин баамыңызда президенттик шайлоо кандай өттү?
-Шайлоо чыны менен таза өттү. Мыйзамсыздык, күч менен добуш бердирүү болгон жок. Тагыраагы, эгемендик алгандан бери Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу административдик ресурс колдонулбады. Биринчи жолу мугалимдер, директор дегеле мамлекеттик кызматкерлер шайлоодо добуш алып берүүгө милдеттендирилген жок. Ошондой эле добуш сатып алуу да болгон жок. Эң жакшысы эл өзү каалаган, тандаган талапкерге добушун берди. Бирок бөйрөктөн шыйрак чыгарып, таза шайлоонун да тааныгысы келбегендер пайда болду. Кызыгы, шайлоодо жетиштүү добуш алалбаган талапкерлер шайлоо жыйынтыгын тааныбайбыз дей башташты.
-Шайлоо жыйынтыгын тааныбайбыз дегендерине караганда, алардын бир билгени барбы же жөн эле жеңилгенин моюндарына алгысы келбей жатабы?
-Негизи Адахан Мадумаровдун жетиштүү добуш алалбасы мурун эле билинген. Эл Садыр Жапаровду шайлаарын билип, бир да баннер илген эмес. Азыр жыгылган күрөшкө тойбойт болуп, жөн эле чырдап жатат.
-Шайлоодо ийгиликке жетпей калган талапкерлер оппозиция болобу же жаңы бийлик менен кызматташуунун аракетин көрүшөбү?
-Алардын жаңы бийликке оппозиция болоору же кызматташаары аракеттерине жараша болот. Жаратман, натыйжалуу оппозиция болобу же башка багытта иш кылышабы аны да убакыт көрсөтөт. Эң негизгиси Садырга оомат келди. Ал ооматты туура пайдаланып, элдин сүймөнчүлүгүнө айланды. Эми эл үчүн, мамлекет үчүн иштеши керек.
Эгер Садыр Жапаров коррупция менен күрөшүп, экономиканы көтөрүп, мамлекетти өнүктүрсө, анда бул оппозициянын Садырдын шайын оодарганга күчү жетпейт. Анткени, Садыр Жапаров мурунку президенттердин катачылыгын кайталабайт. Акчага азгырылбайт деп ойлойм. Садыр Жапаровдун эң биринчи милдети Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков, Асылбек Жээнбековго окшогон байларга экономикалык кылмыш ачып, кустурушу керек. Кытайдын карызынан мына ушулар кутултат. Ошон үчүн Атамбаевди түрмөдө бакылдатпай экономикалык кылмыштарын тезирээк иликтеп, ал жакта провокация кылдыртпай, элдин эсебинен жеп- ичкендерин кустуруунун аракетин көрүшүбүз керек.
-Бирок жаңы шайланган президентибиз Садыр Жапаров эл менен жолугушууда “баарын кечирдим” деди эле го?
-Ал атуулдук жүрөгү менен айтылган сөз болсо керек. Мүмкүн алардын ак жеринен камаганын, ченебей азапка салганын кечирдим, кектебейм деп жаткандыр. Негизи Садыр Жапаров кечирдим десе эле алардын кылмыштары көз жаздымда калбашы керек. Тагыраагы, алар мыйзам алдында жооп бериши шарт. Анткени, алардын экономикалык кылмыштарын мыйзам кечирбейт.
-Садыр Жапаровдун жанында жүргөн Мелис Аспековдун камакка алынышы эмнеден кабар берет?
-Садыр Жапаровдун жанында жүрүп, оң колундай таасир калтырган Мелис Аспековдун камакка алынышы түшүнгөн кишиге бийлик таза иштөөгө аракет жасап жатканынан, мындан ары мындай иштерге жол берилбесинен кабар берет. Анткени, ал жигит кимдир бирөөнүн катачылыгы үчүн эмес, өзүнүн сугалактыгынан камакка алынды. Ал акчаны көргөндө өзүн жоготуп койгондордон болчу. Мына ошол сапатынын айынан камалып калды. Негизи Аспековдой болуп, акчаны көрсө өзүн жоготкон сугалактардан арылышыбыз керек. Мындайлар алтын жана көмүр казган компанияларда дагы бар. Садыр Жапаров кен байлыктарды иштеткен компаниялардын баарын катуу көзөмөлгө алып, тез арада туткактардан арылышы керек.
-Үгүт учурунда сындап, каралаган талапкерлер Садыр Жапаровду куттуктаганга уяты жол бербей жатабы же алар дагы деле жээрип жатышабы?
-Үгүт учурунда Садыр Жапаровду сындап, жалган жалааларды жаап, Сооронбай Жээнбеков айткандай фактысы, далили жок нерселерди айтып, элдин башын айлантууга болушунча аракет кылган, котур ташы койнунда болгон талапкерлер да болду. Балким алар орунсуз сөздөрү үчүн кантип абалдан чыгуунун жолдорун караштырып жатышкандыр. Же аягына чейин кежирленип, шайлоо жыйынтыгын тааныбайбыз деп көшөрүшүп жаткандыр. Негизи Абдил Сегизбаев, Адахан Мадумаров, Курсан Асанов, Канат Исаевге окшогондор таза шайлоодон дагы кынтык издеп, “тааныбайбыз” деп жатышат. Алар эмнегедир үгүт учурунда Садыр Жапаровго катуу чабуул жасап, элдин пикирин бузууга аракет кылышты. Бирок, алардын жагымсыз аракети тескери натыйжа берип, жарытылуу деле добуш алалышкан жок. Адахан Мадумаров болсо, буга чейин элдин сүймөнчүлүгү болуп келе, “таза шайлоо өткөн жок, добуштар уурдалды, эл көтөрүлөт” деген сөздөрүнөн улам, кадырын, сыйын кетирип алды.
Беш кол тең эмес дегендей 4-5 талапкер шайлоону тааныбайбыз деп көшөргөнү менен Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Улукбек Кочкоров шайлоонун таза өткөнүн айтып, жыйынтыгын таанырын айтышты.
-Экс-президент Роза Отунбаева неге таза өттү, административдик ресурс колдонулган жок деген шайлоону кырсыкка теңеп жатат?
-Негизи мамлекет камкордукка алып, тамак -ашынан чач жасалгасына чейин кам көрүп жаткандан кийин Отунбаева андай орунсуз сөздөрдөн алыс болсо болмок. Ар кайсыны айтып, элдин тынчтыгын бузгандан көрө, иштеп жүргөндө берген убадаларымды канчалык аткара алдым деп өзүнө суроо салса, коомдо карама-каршылык жараткан кептерден алыс болмок. Анын берген убадаларынын көбү ишке ашкан эмес. Аны эсинен чыгарып, 90 миң пенсия берип жатса да, жөн жүрбөй элди дүрбөтүп, таза шайлоону кырсыкка теңеп, орунсуз сөздөрү менен өз аброюн кетирип алды. Мен билгени Отунбаеванын бул сөзүн туура көрүп колдогондордон да, аны ырыскысын көтөрө албаган аял экен деп жактырбагандар көп болду. Экс-президент деген макамдын кадырын кетирбей, айтса калыс пикирин айтып, болбосо жөн эле отурса эл үчүн да, өзү үчүн да пайдалуу болот эле.
Булак: “Майдан. kg” гезити