Ошентип, көптөн күткөн президенттик шайлоо, башкаруунун формасын тандоо боюнча жалпы элдин пикирин суроо же азыркыча айтканда, плебисцит да аяктады. Жыйынтык  күткөндөн да ашып түшүп, Кыргызстандын алтынчы президенти болуп шайланган Садыр Жапаровду, президенттик  формадагы башкарууну жактоочуларды да бир азыраак оңтойсуздандырып жиберди окшойт. Анткени, акыркы маалыматтар боюнча, Садыр Жапаров шайлоочулардын 79,2 пайызынын добушун алса, башкаруунун президенттик формасы үчүн плебисцитке катышкандардын 81,22 пайызы добуш беришти. Плебисцит кыргызстандыктардын парламенттик башаламандыктардан,  перманенттик саясый кризистерден жана ызы-чуулардан  жадап бүтүшүп, мыйзамга, тартипке таянган жогорудан төмөнгө чейинки күчтүү бийликти,  саясый туруктуулукту  эңсеп калышкандыгын көрсөттү десек эч кандай апырткандык болбойт.

Бул шайлоо жана ага кошо өткөрүлгөн плебисцит мурдагылардан кай жактарынан айырмаланды?

Мындай таза, калыс шайлоо болгон эмес

Көз карандысыздыктан берки мезгилдин ичинде жыйырмадай шайлоо жана жалпы элдик добуш берүү өткөрүлдү, бирок ачыгын айталы, 10-январдагыдай таза, калыс тандоо болгон эмес. Биз муну  журналист катары эмес, борбор калаанын бир кычыгында жашаган жөнөкөй шайлоочу катары айтып жатам. Мурдагы шайлоолордо үгүтчүлөр тынбай кожолуктарды кыдырып, талапкерлердин туугандарын, жердештерин издеп,  аларды өздөрүнө тарткандан кийин алар менен биргеликте коңшу-колоңдорду, тааныштарды ичмектеп, ал процесс акырындап бир добушту канчага сатып алышары жөнүндө   тымызындан соодалашууларга айланса, бул шайлоодо алардын бири да болбоду. Муну өз көчөбүздөн көрүп, билгендерге таянып айтып жатам.

Басымдуу көпчүлүк талапкерлердин үгүттүк баракчалары, буклеттери деле таркатылбады. Ар көчөлөрдүн бурчтарына, аянтчаларга, мектептердин стадиондоруна шайлоочуларды жыйнап, музыкалардын дүңкүлдөктөрүнүн коштоосунда жолугушууларды өткөрүү деле болгон жок. Айрымдардын “бул шайлоо мурдагыларга салыштырганда жетим кыздын тоюндай эле өткөрүлдү” дегендери чындык. Ага расмий маалыматтар да күбө. БШКнын акыркы маалыматына ылайык, бул жолку шайлоодо 17 талапкер үгүттүк иштерге 100 миллиондон бир аз ашкан гана каражат сарпташыптыр. Ал эми мурда мынча каражат  бир талапкер тарабынан 70-80 миң шайлоочунун добуштарын сатып алууга эле жумшалчу.

Мына ушул шайлоону  жана плебисцитти көргөндөн кийин кандай адамда болбосун; “астапурулла, шайлоо дегенди мына ушинтип, ашыкча ыгым-чыгымдарсыз жупуну өткөрсө деле болот экен го” деген ой пайда болот экен. Чын эле мындан аркы Жогорку Кеңештин депутаттарын, жергиликтүү кеңештерге шайлоолор да ушундай эле жупуну өткөрүлсө, канчалаган каражаттар үнөмдөлмөк. Шайлоонун жүрүшүндөгү, андан кийинки ызы-чуулар да кескин азаймак.  Анткени, ызы-чуулардын бардыгы акчанын айынан келип чыгып жаткандыгы эч кимге жашыруун эмес. Ишенимдүү өкүлдөр апыртылган-жапыртылган убадаларды беришип, реалийлерге жакындашпагандарды убада кылышып, талапкерлерден  ири суммаларды алышат. Ал акчалар ар кандай себептер менен (адресаттарга жетпей кымырылып-жымырылып ж.б.)  күткөндөй натыйжа бербей  калганда ызы-чуулардын алгачкы стадиясы башталат. Ишенимдүү  адамдар ошондой жол менен болсо да алгандарын актагылары келет. Жүздөгөн миллиондорду чачкан талапкер эңсеген мандатка ээ болбой  Пушкиндин жомогундагы ач көз кемпирдей, ташпиши чыккан дагара менен  калганда, анын күйбөгөн жери күл болуп, талаага кеткен акчасын ойлогондо ичегилерин  бирөө  уксус менен жуугандай ичи ачышып, ызы-чууларды андан бетер күчөтөт. Эгерде өтө ашкере ашыкча чыгымдарды жумшабаса, баары мыйзам чектеринде болуп, шайлоо таза, калыс өтсө, утулган талапкерлер жеңилгендерин сыртынан болбосо да, ичинен моюндашып, жаңы абалдарына ызы-чууларсыз  эле  көнүшөт.

Эмнеге  эл  аз  келди?

Бул шайлоого жалпы тизмеге киргизилген шайлоочулардын 38 пайыздан бир аз ашыгыраагы гана келип, добуштарын беришти. Мурдагыларга салыштырганда чындыгында  аз болду. Бирок маселенин баары: “Анын себеби эмнеде?” - дегенде.

Мунун биринчи себеби - №2 формада добуш берүүнүн алынып салынгандыгында. Өткөн парламенттик шайлоодо бул форма менен жалпысынан 500 миңден ашык шайлоочу добуш беришкен. Анткени, ал аркылуу шайлоочулар катталган жерлеринде гана эмес, алдын ала берген арыздарынын негиздеринде каалаган жерлеринде добуш берүүгө укуктуу болушкандыктан акча таркаткандар өз кардалдарын көзөмөлдөөгө ылайыктуу участкаларга  каттатышчу. Экинчиден, акчасын алгандан кийин кандай шайлоочу болбосун добуш бергенге аргасыз болот. Аны айылдардагы, көчөлөрдөгү ишенимдүү өкүлдөр, алардын жандоочулары тыкыр көзөмөлдөп турушат. Кылчактагандарын алдыларына салып айдап келип добуш бердиртишчү. Бул шайлоодо таптакыр акча таркатылбаган соң  талапкерлерди чындап колдогондор,  анан саясый процесстерден четте калгысы келбегендер гана шайлоого, плебисцитке келишти. Талапкерлердин ичинен бирине чындап күйөрман болбогондор, саясый процесстерге кызыкпагандар келишкен жок.

Мындай абал  дүйнөдөгү демократиялуу өлкөлөрдүн көпчүлүгүнө эле мүнөздүү. Айрым өлкөлөрдө  тизмеге киргизилгендердин 15 пайызы добуш берсе деле, шайлоо өттү деп эсептелет. Алсак, Англиянын 1200дөн ашык мүчөсү бар лорддор палатасына 3-4 адам келсе деле кворум бар деп эсептеле берет. Анткени, жаран саясатка кызыкпаса, жөн эле добуш бергиси келбесе, аны мажбурлаганга эч кимдин акысы жок. Бул да демократиянын эң башкы принциптеринин биринен.  

Эки доско берилген улуу шанс

Ошентип, шайлоо элдин Садыр Жапаровго карата ишеним кредити да, үмүтү да  аябагандай жогору экендигин көрсөттү. Садыр Жапаровдун жеңишин триумфалдык жеңиш десе эч кандай апырткандык болбойт. Эми ага ал кредитти дебитке айландыруу, элдин зор ишенимин, үмүтүн актоо гана калды.

Шайланган президенттин алгачкы билдирүүлөрүнө ылайык, Кыргызстандын тышкы саясатында өзгөрүүлөр болбойт, ал туура. Азырынча Кыргызстан Россиянын таасиринен алыстай албайт, жакынкы кошуналар менен иштиктүү өз ара пайдалуу мамилелерди сактап, өнүктүрүүбүз керек. Ошол эле мезгилде экономикадагы артка кетүүлөрдү токтотуп, инфляцияны ооздуктап, айлык акыларды, пенсия, жөлөк пулдарды индексациялап, инвестицияларды тартууну жакшыртып,  экономиканы штопордук абалдан чыгарып, өнүгүү жолуна салбасак, элдин абалы кыйын болгону турат.

Садыр Жапаров алдыдагы эки жыл эл үчүн оор болорун белгилеп, жакынкы 3-4 жылда экономикалык кризистен чыгарууну убада кылды. Чындыгында чындап аракет  кылса экономиканы турукташтырып, өнүгүү жолуна салууга 2 жыл деле жетишет. Мисалы, ФРГ  Экинчи дүйнөлүк согушта эч нерсеси калбай талкаланып, аман калгандарын союздаштар репарация кылып талап кеткен эл чарбасын беш жылда калыбына келтирип, алтынчы жылы же 1951-жылдан динамикалуу өнүгүү жолуна түшкөн. Биринчи кезекте коррупцияны ооздуктап, тартипти бекемдеп, сырттан ири өлчөмдөрдөгү инвестицияларды тартмайынча абалды оңдоо эң эле кыйын. Ошон үчүн эки дос коррупцияга каршы күрөштү аёосуз жүргүзүп, мамлекеттик жана муниципалдык бардык түзүмдөрдө талапты күчөтүп, тартипти бекмдөөлөрү зарыл. Эгерде көчө саясатчылары  оолугушканда эле инвесторлорду сабап, тоноп, мүлктөрүн, негизги фондуларын өрттөй берише турган болсо, Кыргызстан 3-4 жыл түгүл ХХI-кылымдын акырында да оңолбойт. Биз үчүн 30 жыл саясый оюндар менен гана өтүп кетти. Кошуналарыбыздай экономикабызда сезилерлик өсүшкө, жылышка жетише албадык. Эми мындан ары деле элди кыйнай беришсе, мамлекет бир күнү жөн эле кыйрап калышы мүмкүн. Экономикасы жок да мамлекет болчу беле.

Президенттик башкаруу  чыңдалуусу  зарыл

Башаламандыктардан, демократия деп аталган менен чыныгы заты жок  демократиянын атын жамынган  маразмдан (демократияда мыйзамдуулук императивдүү болушу керек, ансыз демократия дегени биз үчүн башаламандык гана болот) жадап, биротоло жакырланган  элибиз президенттик формадагы башкарууну  тандады. Жогорку Кеңеш эки айдын ичинде жаңы Баш мыйзамды кабыл алса, анан анын негизинде мамлекеттик органдарды реформалоо ишке ашырылуусу керек. Ал административдик-аймактык реформа менен биргеликте  жүргүзүлсө, эң мыкты натыйжаларды бермек. Анткени, административдик бирдиктер, штаттар кескин кыскартылып, чоң көлөмдөгү каражаттарды  социалдык маселелерди чечүүгө, сырткы карыздарды төлөөгө жумшоого  мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Бирок тилекке каршы, жаңы шайланган президент азырынча ал тууралуу так айта элек.

Садыр Жапаров  ушул жылдын майынын аягында парламенттик шайлоону өткөрүп, 1-июнга карата саясый реформаларды аяктоону айтты. Аны толугу менен колдойм,  бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын жарымын парттизмелер аркылуу, жарымын бир мандаттуу округдардан эмес, бардыгы эле мажоритардык системада шайланышса,  партиялык коррупция биротоло жоюлбаса да кескин азаят эле. Ага дагы деле кеч эмес, андай норманы  февралда Баш мыйзамга же Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө Конституциялык мыйзамга киргизсе болот. Анда  жалаң капчыктуулардын эмес, чыныгы элдик лидерлердин парламентке келүүсүнө шарт түзүлмөк.

Бир сөз менен айтканда, өлкөнүн, элдин тагдырларына аябагандай чоң таасирин тийгизе турган чоң иштер башталды. Аларды эки дос убада кылышкандай, ырааттуу түрдө аягына чыгаруулары  гана  керек.

 

Мирлан  Дүйшѳнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити