Чыныгы досуң ким экени башка кыйынчылык түшкөндө билинет дейт кыргызда. Достуктун бекемдиги дагы ошондой турмуштун өйдө-ылдый учурунда сыналат экен. Мындан улам Камчыбек Ташиевди достуктун символу катары бааласак болчудай. Өзүңөр билгендей Садыр Жапаров абакта жаткан учурдан баштап, ага бардык жагынан колдоо көрөзүп, жанында дем-күч берип жүргөн. Жапаров өз мойнуна чоң жоопкерчиликти алып, бир өлкөнү башкарууга багыт алганда дагы өз кеп-кеңешин айтып, колдоп турду. Ошондон улам, эл арасында дос болсоң Камчыбектей дос бол деген дагы лакап кеп тарап отурат. Экөө тең мамлекеттин өнүгүүшүнө салым кошуп, иштей турган учуру. Ташевдин тайманбастыгы, Жапаровдун чечкиндүүлүгүнүн аркасында бул эки инсан биргеликте, ынтымакта көп ийгиликтерди жаратышат, өлкөнү өнүктүргөндүгү үчүн тарыхта калышат деген ойдобуз.