Коомдук ишмер Кадыр Кошалиев менен маек.
-Жаңы Баш мыйзамдын кандай өзгөчөлүгүн белгилей аласыз?
-Учурда өлкө тагдырындагы эң маанилүү маселелер чечилгени турат. Алар – президенттик шайлоо жана конституциялык реформа. Эл чындыгында, өзгөрүү каалап жатат, жашоо-турмушубузда жаңылык болсун дешүүдө. Өткөн жылдарыбыз парламенттик башкаруу жамааттуу жоопкерчиликсиз бийлик экенин көрсөттү. Анан калса, аалымдар Чыгышта лидердин мааниси абдан чоңдугун жана Батышта система иштей турганын айтып келишет. Мунун өзүнүн аргументи бар. Биз Чыгыш болгонубуздан кийин бир адам жоопкерчиликти алып, эл менен кеңешип ишти алып кетиши зарыл. Кеңешип дегенибиздин мааниси терең: жаңы Конституцияда Элдик курултай институту жөн жерден киргизилип жаткан жок. Бул коомчулук кооптонуп жаткан “ханституцияга” жол бербей турган, бөгөт кое турган тосмо. Президенттик же парламенттик жолду тандайбызбы, ага карабай элдик көзөмөл киргизилиши керек. Бул -бийлик бутактарын эл үчүн иштөөгө багыттай турган өзгөчө феноменалдык көрүнүш.
-Ошол эле учурда он жылда өлкөдө парламенттик башкаруу болбогонун, биз ага жете албай калганыбызды айткандар да бар.
-Ооба, он жылда парламенттик республика деп аталганыбыз менен менталитет иштеп кетти. Башаламан, аралаш башкаруу орун алды. Президенттер өздөрүнө ыңгайлаштырып өзгөртүү киргизишти. Кайсы бир деңгээлде, толук кандуу парламентаризмди көрбөдүк. Бирок ал жолго түшкөндө деле кыргыз элинин табиятына туура келбеген башкаруу пайда болмок. Президенттик бийликке ыктаганыбыз – бир адам жоопкерчиликти алганы оң. Жаңы Баш мыйзамга өзүм билемдикке жол бербей турган рычагдын кирип жатканын баса белгилегим келет.
-Эмнеге жаңы Баш мыйзамга каршы чыккандар көп болууда?
-Сырттан каржыланган, сырткы көз карашка ыктаган саясатчылар, мисалы Текебаев, Отунбаеванын каражаты да, маалымат каражаттары да бар, мүмкүнчүлүгү башка күчтөргө караганда кеңири. Ошону пайдаланышып, акыркы кездерде реванш ала башташты. Шайлоого карата сырткы күчтөр атайын эле башаламандык орнотууну каалашы мүмкүн. Ошондуктан, келечегибизди башкалардан сурап отурбай, өзүбүз туура тандайлы.
Арина Рысбаева, Булак: “Майдан. kg” гезити