-Митингге чыгып, парламенттик башкарууну сактап калалы, референдум менен жаңы Конституцияны жөн эле коёлу деген ойду айткандар алгач партиялык системанын кемчилигин, парламенттик башкаруунун катачылыктарын моюндарына алышы керек. Айтайын дегеним, акыркы мезгилде партиялык система менен шайланган депутаттардын көпчүлүгү акчанын күчү менен парламентке келип калышкан. Партиялар да чыныгы адистерге эмес,  акчалууларга басым коюп калышканы чындык. Жыйынтыгында акчалуулар бизнесин коргойм менен убара болуп, эч нерсени ишке ашыра албай чимкирик атка конуп, кол бала болуп калышты. Парламенттик башкаруунун табиятына дал келбеген иштерге жол беришти.  Партиялык система деп отурушуп,  мамлекеттик чоң кызматтардын башына адискөйлөрдү эмес,  тажрыйбасы жок акчалууларды үйүп алышты.  Алар парламенттик башкаруунун да, мамлекеттик кызматтын да баркын кетиришти. Алар чанып, теңине алгысы келбей жаткан Конституция Ханституция эмес. Тагыраагы, коррупциянын түп тамырынан бери үзө турган, коомдо мыйзамдын бийлиги үстөмдүк болгон күчтүү бийлик болот. Анткени, күчтүү бийлик болбосо, коррупция менен күрөшө албайбыз. Коррупция менен күрөшө турган күчтүү бийлик келет. Тагыраагы бийлик күчтүү болуп, коомдо  мыйзамдын үстөмдүгү болмоюн коррупция менен күрөшө албайбыз. Ошон үчүн күчтүү бийликти колдоого аргасызбыз. Аны каалабагандар, май токочунан айрылгысы келбегендер каршы чыгып, сырткы күчтөрдүн тапшырмасын аткарып, митингге чыгып  жатышат.