Бирок, Президенттик башкарууда Президенттин өзүн да ыплас иштерге барса Жогорку Кеңеш отставкага кетирип коет ( импичмент аркылуу)! Ал эми парламенттик башкарууда Жогорку Кеңешти ЭЧ КИМ кетире албайт экен! Кандай иштешсе да, канча " чимкирик" болсо да депутаттарды биз 5 жыл багып, тек гана кийинки шайлоодо ал партияга добуш бербей коюу мүмкүнчүлүк бар экен...

Кыргызстанда парламенттик башкаруу деген бул Жогорку Кеңеш баарын шайлайт (Президентти да, Премьерди да, бүт министрлерди да), кааласа министрлерди жыга чаап, алардын оордуна башканы коюшат! Бирок, Жогорку Кеңешти таркатуу мүмкүн эмес, аларга биз 5 жыл боюу чыдашыбыз керек.

Ошол үчүн да Кыргызстанга тек гана Президенттик, жоопкерчиликтүү башкаруу формасы керек! Ошондо гана ар бир бийлик бутагы өз ишин кылат: Президент күчтүү жана жоопкерчиликтүү Өкмөттү түзөт жана башкарат, Жогорку Кеңеш болсо мыйзамдарды кабыл алып, Башпрокурорду жана Жогорку Соттун судьяларын шайлап, Президент башында турган Өкмөттү көзөмөлдөйт, соттор мыйзамдуулукту сактайт жана камсыз кылат!

Алмазбек Акматалиев, саясат талдоочу