Ооба, бул дагы баягы эле сасык саясатчылардын оюну. Ката жазат экен, бай-манаптай болуп тебетей кийип алыптыр, анан жаксакчылар менен жүрөт экен жана башка. Туура баамдаганыңыздай эле бул президенттикке талапкерлер тууралуу сөз болуп жатат.
Илгери эмес, азыр деле айылда эки-үч кемпир отуруп алып, айылга жаңы келген бирөөнү ушактагандай эле кеп болуп калды. Дегеним, ушактын деңгээлинен көтөрүлө албай, жакпаган, атаандаш талапкерди ушундай сындар менен ур-тепкиге алмай адатка айланды.
Же эмне буга чейинки президенттикке талапкерлерден ката кетпептирби? Жазган каттарынан кетсе кетсин, бирок жасаган иштеринен ката кетпесин, ылайым. Тагдыр чечер негизги маселе ушул го дейм.
Жаман жери азыр кыргыз коомчулугундабы же жалпы эле дүйнөдөбү, айтор, жалпы журтка жага турган бир нерсе кылуу кыйынга туруп калды окшойт. Ата-бабалар кийип келген тебетейди кийсе да жакпайсың. Кокус жөн эле шапке кийип алса дагы “ушу башын сыйлап жакшы бир тумак же тебетей кие албаган неме кантип эл башкара алсын” деген сыяктуу наалыма кептерди да айтып чыгат. Шымы үтүктөлбөй калыптыр дегендерге күйбөгөн жериң күл болот. Дал ошондойлор шым үтүктөгөндү мындай кой, чакандап шым кие алышпайт.
Баягы “Султан Ибраимов сугат өтүгүн кийип алып, сугатчыларга чейин өзү эле барчу экен” деген эсил кайран СССРден калган советтик ой-кыялдардан чыга албагандар менен талапкерден эптеп өөн издеп, жаманатты кылгысы келгендер жаксакчыларды алып жүрөт деп чыгышты. Азыр заман башка, арзыбаган акчага атырылып чыгып, кол салчулар же мындай маңкурттарды жалдагандар четтен чыгат.
Деги эле “Садыр мындай экен, Адахан андай экен, Абдил мамындай турбайбы" дегендер - өздөрүнө тиешелүү маалымат сайттары менен өздөрү ээлик кылган гезиттерге жаздырган буюртма материалдарга өздөрү ишенип алып, өздөрүн алдап жаткандар.
Кимди шайласа ар кимдин өз иши. Бирок баш кийими эмес баш терисине, байлыгына эмес акыл көрөңгөсүнө, сайраган тилине эмес тилегине, элди алдаганына эмес, элди алып кете алганына караш керек. Кыргызстанга азыр былжырабай чечкиндүү болгон, ката кетип калбасын деп кылчактабай, кадам жасай билген, эл турмушун эфирден билбей, жакындан билген, кыргызга күйгөн, Жаратканга тобо келтирген бир азамат керек болуп турат.