Акаевдин учурунда "Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз" деген ураандын негизинде идеологиясы жок өлкөгө ар кандай диний агымдар менен кошо чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттар келе баштаган. Журналисттер төртүнчү бийлик деп бекеринин айтылбайт. Коомдун оюн  - мына ушул журналисттер түзөт. Андыктан айрым чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары бул нерсени өз кызыкчылыктары үчүн колдонуп, өлкө ичинде башка мамлекеттин саясатын жүргүзөт. Айталы, АКШнын конгресси тарабынан каржыланган “Азаттык” үналгысы дайыма Американын көз карашы, ишараты менен иш алып барышат. Кызыгы, ошол чет элдик массалык  маалымат каражаттарында кыргызды уул-кыздар иштейт. Албетте, АКШнын акырынан жем жеп жаткан соң, алардын саясатын жүргүзбөгөнгө айласы да жок. Ошондуктан,  “Азаттыктын” саясаты- бир державанын саясаты экенин дайыма эске алышыбыз керек. Мисалы, Кыргызстанда исламчыларга каршы саясатты карманышып, ал эми диктаторлук Тажикстанда Исламдык кайра жаралуу Партиясынын таламын жакташат. Европада, АКШда исламдык террор деп, ислам динин демонизация кылганы менен, Кытай мамлекетине келгенде мусулмандардын укугун жактап башташат. Мындай көп кырдуу, татаал саясий стратегияны кармануу жана аны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн АКШ конгресси эбегейсиз каражат коротот. Бир эле мисал, салыштырмалуу чакан тажик кеңсесинин бир жылдык бюджети 1,6 млн. АКШ доллары. Ал эми “Азаттыктын” кыргыз бөлүмүнүн бюджетин акыркы жылдары эки эсеге көтөргөн. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, өткөн 2019-жылы “Азаттык” үналгысына АКШ тараптан 1 миллион 700 миң АКШ доллары менен акча каражаты бөлүнгөн. Ал эми 2020-жылы АКШ “Азаттык” үналгысына бөлө турган акча каражатынын эсебин 3 миллион долларга көтөргөн экен. Мына ушинтип, алар биздин өлкөдө да сөз эркиндигин бетине кармап алышып, батыштын жашылбайларына кызыгып,  саясатын жүргүзүп келишет.

Үналгынын шмердүүлүгүндө  улуттук кызыкчылыкка каршы келген учурлар арбын. Негизи,  “Азаттык” эл аралык ММК, андыктан толук бейтараптыкты карманышы керек эле. Тилекке каршы сөз эркиндигине жамынып, каржылаган кожоюндарынын ырын ырдап, күнөөсүз адамды каралап, буйругун аткарып келишет. Өзгөчө акыркы жылдары аталган радио журналистиканын эл аралык стандарттарынан чыгып, бир тараптуу гана маалыматтарды берип, кайсы бир саясий күчтөрдүн куралына айланып калды.

Алар кандайдыр бир журналисттик иликтөө жүргүзсө да, ошол иликтөөдө башкы каармандардын катарына кошулушу керек болгон айрым фигураларды атайылап көңүл сыртында калтырып келишет. Анан дагы факты дешип, жасалма кол коюлган кагаздарды көрсөтүшкөнүн да коомчулук билет. 

Мындан улам өлкөбүздүн аттуу-баштуу журналисттери да «Азаттык» радиосу баштапкы принциптеринен тайып, өтө тайыз деңгээлге түшүп алганын айтышууда.

 Дүйнө жүзүндөгү эң чоң эки держава Америка менен Орусия дайыма тирешип келген. Эки держава тең башка өлкөлөр аларды таасири менен, жандоосу менен жашашын каалашат. Ал тургай тынч жаткан өлкөгө согуш ачышып, эки держава эки тарапты каржылап карапайым элди кыйын абалга алып келишет. Андыктан Кыргызстан дагы алардын таасиринде болушун каалашат жана бийликке алардын сөзүн сүйлөгөн, аларга таянган адамдын келишин камсыздашат. Садыр Жапаровдун “алыскы туугандан, жакынкы кошуна артык” деп Орусиядан бата алганы, Америкага жакпай калды. Дароо эле өзүнүн “Азаттык” жалпыга маалымдоо каражаты аркылуу, дайым даяр болгон, “Матраимов” долбоорун көтөрүп, учурдагы бийлик башындагыларды кайрымакка илип баштады. “Азаттык” үн алгысы кыргыздын биригишин, бүтүмдүгүн, саясый абалды турукташын каалаган жок. Аларга Американын айтканын аткара турган адамдар керек. Андай болбосо айлаңды алты кетиребиз деген саясаттын жүргүзөт. Башка мамлекеттин массалык маалымат каражатынын Кыргызстандын ички саясатына кийлигишип, ал тургай Конституциянын өзгөрүшүнө каршы чыгышы дагы бекеринен эмес. Андыктан “Азаттыктын” айткан ар бир сөзүнүн артында АКШ турганын унутпагыла. Кыргызга кыргыз эле күйбөсө, башка мамлекеттер күйбөйт.