Анысын азырынча так биле албадык. Бирок ушундай ойлоого аргасыз болуп турабыз. Эгерде буга чейин экс-президент Сооронбай Жээнбековдун ЖКдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев «бийликтин колдоосундагы партияны каржылоо үчүн бир ишкананын башчысын мажбурлагандыгы» үчүн айыпталып камакка алынган болсо, бул ирет Финполдун мурдагы жетекчиси Бакир Таиров кармалып, 2021-жылдын 2-февралына чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондорго ишенсек, ал ушул жылдын октябрында мамлекеттик органдын жетекчисин бир саясий партияны финансылык жактан колдоого мажбурлаптыр. Логикага ишенсек, Финполдун башчысы жогорку бийликке тиешеси жок партиянын финансылык абалына баш оорутмак эмес. Демек, кайсы партия тууралуу сөз болуп атканы айтпаса да түшүнүктүү. Бизди кызыктырганы, акыркы парламенттик шайлоодо бийлик колдоого алган партиялардын финансылык жагы ушундай жолдор менен чечилген эмеспи? Эгерде андай болсо, анда мындай кармоолор Курманбек Дыйканбаев, Бакир Таиров менен бүтпөшү айдан ачык. Анда дагы кимдер кимдерди мажбурлады болду экен?..
Булак: «Майдан. kg» гезити