Сыңар өтүгү майрык сынчы
“Кыргызда “өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чымынды көрөт”, “сынчынын сыңар өтүгү майрык” деген сөздөр бар. Кудайдан жөө качкан “временщиктерге” корбашылык кылган “Кедейканша” Роза Отунбаеванын опустарын окуган сайын эсиме жогорудагы сөздөр келет. Ал жакында өзүндөй бир айымга берген интервьюсунда (анын эркектердин баарын “караларга” теңегендиги эсибизден чыга элек) “Кыргызстанга Бакиевдик режим кайрылып келатат” деген мааниде билдирүү жасаптыр. Чын-чынына келгенде элге кандай режим болбосун баары бир: туруктуу жумуш, үй-бүлөсүн бакканга акча, тынчтык, коопсуздугуна кепилдик болсо болду, ал эми “баланчаевчил, түкүнчөевчил” деген салыштыруулар саясатчылардын, анан пенсияда жатып алып зериккен абышка-кемпирлердин чыгаргандары. Ага төмөнүрөөктө кеңири токтолобуз, бирок кез-кезде чоочугандай экстраваганттуу билдирүүлөрдү жасап турган Роза Отунбаева деген айым өзү ким?
Чынын айтсак, ал- бир державанын ар кандай формадагы колдоп, көкүтүүсү менен Кыргызстандагы легитимдүү бийликти күч менен басып алып, элди канга боёп, мамлекетти миллиарддаган суммадагы жоготууларга учураткан адам. Ал тууралуу өзү шилтеме жасаган Медеткан Шеримкулов бардык жерде эле айтып келатат.
“Временщиктердин” абийирлеринде, өзгөчө анын корбашысыныкында жүздөгөн адамдардын кандарынын тагы турат, аны эч ким жууп кетире албайт, ага акыркы жазаны тарых берет, ал күн да алыс эмес.
Экинчиден, ал легитимдүү шайланбастан, Убактылуу Өкмөт дегендин бир токтомуна кыстарма болуп өтүп, Кыргызстанды мыйзамсыз 1,5 жыл башкарып, мыйзамсыз экс-президент деген макам алып, мыйзамсыз ай сайын 80 миң сомдон пенсия алып келаткан жан. Өзүңүздөр таразалаңыздар, Кыргызстанды чейрек кылым башкарып, республиканы индустриалдык өлкөгө, Бишкекти мармар шаарга айланткан Турдакун Усубалиев 20 миң сомдон пенсия алып жүрүп өтүп кетсе, башка өлкөнүн атайын кызматтарынын аркасы менен бийликти басып алып, банктарды тонотуп, Түштүктө эки элди кагыштырып, орду толгус жоготууларга учураткан, экономикабызды 5-6 жылга артка кетирген неменин 80 миң сомдон пенсия алганга, экстик макамда бардык жыргалчылыктарды акысыз пайдаланып тайраңдап жүргөнгө моралдык укугу барбы? Албетте, анын андай артыкчылыктардан пайдаланганга да, бизге акыл үйрөткөнгө да кенедей да моралдык укугу жок.
Экиленбей, сормо саздан чыгууну көздөйлү
Анан Акаевдин колунда иштегендер - акаевчил, Бакиев менен иштешкендер - бакиевчил болуп кетишет деген чоң саясаттан кабары жок, маңыроо мадырабаштар же баарын көрүп, билип турса да кыянаттык кылгылары келген кутумдар гана айта турган сөздөрдөн. Чоң бийликти баласы атасынан мурастап алса деле анын жолун улантпайт, өз жолу менен кетет. Алсак, “Кедейканша” өзү - баш, “временщиктер” – каш болуп, убагында Акаевдин да, Бакиевдин да эң жакын адамдарынан болушкан. Сооронбай Жээнбековду Атамбаевдин жетегинен чыкпайт дешти эле, ал деле өз жолу менен кетти. Азыркылар деле өз жолдору менен баратышат. Шайлоодон кийин чоң бийликке келгендер деле кандай “...ивчил” болбосун өз жолдору менен кетишет.
Анан “Кедейканша” айымдын бийликтин күчтөнүшү авторитаризмди жаратат, парламентаризм гана башкаруунун демократиялык формасы болуп саналат деп, анан Белоруссияны мисалга тартканына келе турган болсок, парламенттик башкаруу, анархиялык демократия дегенибиз өзүн актабагандыгын апчебиз өзү деле мойнуна алса керек, албаса фактылар аны мажбурлап кулагына күмүш сыргадай кылып тагып коёт.
Ден Сяопиндин “кандай түстөгү мышык болсо да, ал чычкан кармаса болду” деген сөзү бар. Кыргызстандагы буга чейин жүргүзүлгөн реформалар, оодарыштар, алардын ичинде 2010-жылдын апрелинен кийинки окуялар да, тилекке каршы, өзүн актабады, максатына жетпеди. Ага биздин экономикабыздын негизги көрсөткүч боюнча ушул убакка чейин 1990-жылдагы көрсөткүчтүн 3/1не жетпей жаткандыгы далил. 1990-жылы Кыргызстандын ИДЖсын ар адамга бөлө келгенде 3281 доллардан туура келсе, 2020-жылдын жыйынтыгы менен ал 1000 доллардан гана айланганы турат. 29 жылдын ичинде Казакстан, Өзбекстан ИДЖларын, бюджеттерин 6-8 эседен көбөйтүштү, индустриалдык державаларга айланып баратышат. Ал эми биздин быйылкы бюджетибиз 1985-жылдагы бюджеттин көлөмүндөй эле. Советтик мезгилде экономика боюнча 15 республиканын ичинде 7-9–орундарды бербей келсек, азыр ал жагынан КМШдагы эң арткы орунду бекем ээледик. Башкарууга мүмкүн болбогон анархиялык демократия, партиялык коррупцияны гүлдөткөн “парламентаризм” дегенибиз, “Кедейканшага” окшоп Батыштан каржылангандардын демагогиялары, тилекке каршы, Кыргызстанды ушундай абалга жеткирди. Мындан ары, эгерде мамлекет катары жок болуп кетпейли десек, ар кандай “...ивчилдерди”, “...измдерди” (аларды жакшы көргөн Акаев деген неме эле, анын эмне болгонун, кайда экендигин билесиздер) айтып элдин башын айландыра бербестен, реалдуулукка тике карап, бийликти бир колго топтоп, болгон күч-кайратыбызды жыйнап, сормо саздан тезирээк чыгууну гана ойлонушубуз керек. Болбосо дефолтко тушугабыз, андан ары эмне болорун бир Кудайдын өзү билет.
Ал эми президенттик башкарууга келе турган болсок, дүйнөнүн АКШ баш болгон ондогон өлкөлөрү президенттик башкаруу формасында жашап, өнүгүп, өсүп жатышат. Белоруссиядагы тополоңдорду белорус эли чыгарган жок, аларды батыштагы антиславянчылар баштап, бир ортосаар котормочу айымды тууга айландырып, керегинче каржылашууда. Эгерде батыштагылар утуп кетишсе, ал белорусстардын, Лукашенко утуп кетсе, батышчыл НПОшниктердин шорлоруна айланат. Бирок эмне дебейли, Белоруссиядагы окуялар андагы мамлекеттик бийликтин аябагандай бекемдигин көрсөттү, чыныгы бийлик ошондой болуш керек, 300-400 адам каалаганда алмаштыра берген бийликтин эч кимге кереги жок. Эгерде бизде андай масштабдуу окуялар болуп кетсе 3 айдын ичинде эң кеминде 10 бийлик алмашмак. Бирок андан ким пайда табат эле?
Албетте, сырттан каржылангандар гана. Алардын кирешелери инфляцияга жараша индексацияланмак. Эл менен алардын иштери деле жок. Ошондуктан, “Кедейканша” айымдын дагы бир кезектеги гранттык колдоону актоо үчүн президенттик башкаруу авторитаризмди күчөтөт, эл парламентаризмди каалайт дегендери эч кимди ынандырбайт. Кайталайбыз, элге “измдер” эмес, жумуш, айлык, коопсуздук, арзанчылык, тынчтык гана керек. Азыркыдай анархиядан көрө адилеттүү, максатчыл авторитаризм он эсе артык, жок дегенде тартип, тынчтык жана коопсуздук болот. Инвесторлор анархиядан чыкпаган, башкаруучулары жылда алмашып турган жарылдаган “базарларга” эмес, туруктуулук, тынчтык жана акчаларына кепилдик бар жерлерге гана келишет.
Автандил Белеков, Булак: “Майдан. kg” гезити