-Уран мырза, АКШнын мурдагы кыргыз аткаминери Раимбек Матраимовду “Магнитский акты” деп аталган “кара тизмеге” кошкону эмнени билдирет?
-Журналист Элнура Алканова өзүнүн акыркы берген интервьюсунда так таамай жооп берди. Тагыраагы, ал берген интервьюсунда билип, билбейби же атайыладыбы айтор, 30 жылдан бери мамлекеттин коопсуздугуна доо кетирип жаткан, бирок эч бир саясатчы айта албай жүргөн бир чоң көйгөйлүү маселени көтөрүп чыкты. Ал өзүнүн интервьюсунда Раимге болгон чабуул - Кытайга болгон чабуул деп Раимдин Кытайга байланышы бар экенин тастыктап койду. Бул биринчиси. Экинчиси, Раим түптөп, парламенттик шайлоого катышкан бир партияны Кытайдын атайын чалгындоо кызматтары каржылаган деген сөздөр чын болуп калышы толук ыктымал. Элде айтылып жүргөн сөздөргө ишенсек, бешиндеги окуяга орустар кийлигишип, парламентке кытай кызыкчылыгын коргош үчүн келе жаткан депутаттарды өткөрбөө үчүн уюштурулган деген сөздөр дагы чындыкка жакын болуп калышы мүмкүн. Жогоруда айтылган ойлордон кийин ушул жылы "реакция" деген ат менен Раимге каршы болуп өткөн митингдердин артында Америка турганын түшүнсөк болот. Үчүнчүсү, вице-премьер Новиков келер менен чек арадагы бажы постторун кыдырып башташы Американын санкциясы менен бөлүп кароого болбойт. Экөө бир спектаклдин звеносу. Сөзүмдү жыйынтыктасам, Американын санкциясы акырын жыландай жылып келе жаткан Кытай экспансиясына каршы иш чара болушу толук мүмкүн. Ошондой эле вице-премьер Новиковдун бажы посторун коркпой текшерип кириши анын артында коргоп турган ким бар деген суроону жаратат. Анткени, андай окуя жакынкы эле биздин тарыхыбызда болуп өтпөдүбү. Мындан беш-алты жыл мурда ЦУМдун жанындагы "Алтын" соода борборунун башкы директору Бабасюк орустардын ФСБсы тарабынан кармалган. Койгон айыптары Бабасюк казак-орус чек арасынан араба менен 21-кылымда контрабандалык алтын алып өткөн имиш. Бабасюк алты ай орустардын түрмөсүндө олтуруп анан боштондукка чыккан. Ошол боштондуктун баасы "Алтын" соода борбору болгон. Азыркы убакта "Алтын" соода борбору бизге карабайт. ФСБга карап калган. Бизге жеткен маалыматтарга ишенсек, "Алтын" соода борбору аркылуу тонналаган алтындар сыртка кетип турат.
-Вашингтондун мындай чечими кыргыз-америка алакасына таасирин тийгизиши мүмкүнбү?
-Американын бул чечими Кыргыз-Америка ортосуна эч залака алып келбейт. Анткени, биз ошолорго көз каранды колониялык мамлекетпиз.
-АКШ кара тизмеси менен кыргыз бийлигине жемкорлук менен күрөшүүгө салым кошууну максат кылып жатат дегенге ишенсек болобу?
-Вашингтондун кара тизмеси бул жемкорлук менен болгон күрөш эмес. Болгону, өздөрүнүн кызыкчылыктары. Тескерисинче, бизде болуп жаткан жемкорлуктун себептеринин башаты десек туура болот.
Айкөкүл Мырзабекова, Булак: “Майдан. kg” гезити