Ошентип, 63 талапкер болууну каалагандардын 18ине талапкер экенин тастыктаган күбөлүк берилип, президенттик аламан жарышка аттанышты. Кечээ болсо шайлоонун үгүт иши расмий башталды. Эми талапкерлер каржылык мүмкүнчүлүктөрүнө, саясий ресурстарына жараша үгүт иштерин жүргүзүшүп, шайлоочулардын көңүлдөрүн алуу аракеттерин көрүшөт.
Президенттик кызмат бирөө эле, ал кызматка баргысы келгендер көп. Ар кимиси кыялында өзүн келечектеги президент көрүп атса керек. Бирок буга чейин айтылып, жазылгандай негизги фавориттер Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров жана Канат Исаев. Эл үчөөсүнүн кимисин тандайт, аны 2021-жылдын 10-январынын түнү билебиз. Кимиси болсо да, эл өз тандоосунан жаңылбай, татыктуу адам өлкө башчысы болуп шайланса дейбиз.
Биздин кааларыбыз, шайлоо өнөктүгү мыйзам бузууларсыз, пандемиялык норма, талаптарды сактоо менен өтсүн. Талапкерлер саясий маданияттуулуктарын көрсөтүшүп, элдин добуштарына бири бирин каралоо, жамандоо, эл көзүнө мокочо көрсөтүү менен эмес, өздөрүнүн программалык платформаларын, максаттарын айтып, өлкөбүздү экономикалык оор абалдан чыгаруунун, өнүгүүнүн жолдорун көрсөтүп, сунуштарын берүү аркылуу ээ болушса дегибиз келет.
Булак: «Майдан.kg» гезити