-Каныбек агай, президенттик шайлоонун үгүт иштери башталды. Кайсыл талапкерге ийгилик жылмайышы мүмкүн?

-Акыркы он жылда Убактылуу өкмөттүн азабынан президенттик бийлик, дегеле, кыргыз журтунун лидери деген түшүнүк өтө ылдый түшүп кетти. Анын авторлору Алмазбек Атамбаев баштаган байлыкты, бийликти жанынан артык көргөн "азаматтар" болду. Муну карапайым эл түшүнүп турат. Алмазбек Атамбаев менен анын айланасындагылар парламенттик делинген башкаруу формасын өздөрү каалагандай калчап, бийликти узурпация кылып алышып жыргал замандарын өткөрүштү. Анан 2015- жана 2020-жылдагы парламенттик шайлоону өзүлөрүнүн менчигиндей кылып өткөрүп кутуруп кетишти. Акыры эл чыдабай эл көтөрүлдү.  Чындык ушундай!  Анан азыр кайсы талапкерге ийгилик жылмаят деп сурайсың? Азыр карапайым элдин алдында бир гана үмүт турат. Ал - Садыр Жапаров! Калган атаандаштарга дагы ийгилик каалайлы. Бирок реалдуу бололучу?  Азап тартып, элдин мүдөсүн туура түшүнүп турган бир гана Садыр болуп жатпайбы? Дагы эмне дейли?

-Чыныгы атаандаштык кайсыл талапкерлердин ортосунда болушу ыктымал?

-Менимче реалдуу атаандаштык Садыр Жапаров менен Адахан Мадумаровдун ортосунда болот.  Садыр иним азыр карапайым элдин сүймөнчүгү. Адахан мырза дагы күчтүү саясатчы. Бирок акыркы кадамдары түшүнүксүз болуп кетти. Экөөнү бири-бирине кайраштырган жексур коррупционерлер болууда. Садыр менен Адахан ушуну эске алып, бири-бирин сыйлап гана күрөшкө чыгуулары керек. Ошондо гана кыргыз эли утат! Менимче, бул ыкманы экөө тең сезип турушат!

-Бул сапар президент болот элем дегендер баштагы шайлоолордон  көп чыгып алган жокпу?

-Жок. 2011-жылы 89 талапкер чыккан. Бирок  кеп анда эмес. Кийинки "президент болумуштар" элди каракчыдан бетер  талап-тоноп алгандан кийин, ар бир "азамат" мага деле боло берет турбайбы деген ой менен ат салышып киришти.

- Талапкерлердин арасында абалды курчутуп, башка нукка буруп жиберейин дегендер байкалбайбы?

-Ооба. Тилекке каршы, ошондой маанайдагы "талапкерлер" дагы жок эмес. Бирөөсү  кылмыш ишим ачылып калбаса экен деп талапкер болсо, кээ бири саясий абалды курчутууга дагы ынтызар болуп жатат. Өзүнүн президенттикке татыктуу эмес экенин билет! Анан калса, сырткы күчтөр дагы кээ бир мээси иштебеген уул-кыздарыбызды азыгырып, президенттикке талапкер кылып коюшту. Кыргыз элинин чыныгы саткындары ошолор дээр элем!

-Садыр Жапаров башка талапкерлерден эмнеси менен айырмаланат? Ага ишеним артсак болобу?

- Мен толук ишеним артам. Убагында Садыр мырза элдин мүдөсүн ачык айтып, анан камалып кеткенде, азыркы президент болом дегендердин көпчүлүгү  унчукпай отурушкан. Ал турсун, каршы сөздөрдү айтышып, куйтуланып жүрүшкөн. Садыр башын сайып элим-жерим деп 11 жылга кесилгенде эле прогрессивдүү көз караштагы адамдар аны колдоп чыгышкан. Бүгүн андай адамдар миң эселеп көбөйүштү! Мен дагы оорукчан болуп, кыйналып турсам дагы азап чегип 4 ай УКМКнын адам чыдагыс камерасында отурдум!

-Каныбек агай,  Садыр Жапаров менен сизди эмне байланыштырды?                                                                                 

- Садыр экөөбүздү бир гана мекенди жана кыргыз элин чексиз сүйүү деген ыйык сезим байланыштырды деп ойлойм. Менимче, Садырда деле ошондой сезим болсо керек. Азыркы ууру бийликчилдер үчүн Садыр экөөбүздүн бирдей көз караштарыбыз аларга өлүм менен барабар болуп жатпайбы? Ошондуктан, жан талашып, каршы чабуул кылып жатышат! Бирок көп кутутуршпасын! Мезгили келгенде  ар бир ууру-коррупционер эбегейсиз чоң жана ыплас кылмыштары үчүн керт баштары менен жооп беришет!

- Камакта жатканда "Садыр Жапаровду сат, ага каршы көрсөтмө бер" дегендер  болдубу? 

- Жок, андай учурлар болгон жок. Менин темирдей бекем позициям алар үчүн белгилүү кубулуш болчу. Тескерисинче, Каныбек Осмоналиевичке каршы көрсөтмө бер дегендер болуптур. Бирөө-экөө макул болуп, жалган көрсөтмө беришиптир. Кийин мен акталганда алапайларын таба албай "мени мажбурлашты" деп келишти.  Мен күлүп гана аман бол, иним дедим. Кийин бир шоркелденин азабына себепкер болбо деп койдум. Менимче түшүндү окшойт!

-Эмне үчүн Садыр Жапаров бийликке келгени сизди барандуу кызматтардын бирин аркалайт экен, Улуттук университетке  ректор болот экен деген ушактар байма-бай айтылды?

-Бул  түшүнүктүү эле.  Анткени, мен камакта  жатканда эле кээ бир "акылдуу"  кемчонтойлор мен жөнүндө  акылга сыйбаган ушактарды таратышыптыр. Мен бир ай оорудум. Кудай сактап аман калдым. Себебин жакында ачык айтып чыгам. 

Булак: «Майдан.kg» гезити