Белгилүү саясатчы Феликс Кулов президенттикке ат салышып жаткан Садыр Жапаровго кайрылып, президенттик шайлоого катышуудан баш тартууга жана өлкөнүн премьер-министринин милдетин аткарууну улантууга чакырды.
Кулов бул кайрылуусу өтө эле жупуну сезилерин белгилеп, бирок баары бир кайрылуу жасоону туура тапканын айтат. Бул ремарка албетте обу жоктой көрүнгөнү менен Феликс Шаршенбаевичти мындай жупуну кайрылуусун жемелөөгө эч ким батына албайт. Ошентсе да генералдын кайрылуусунун тексти “ал саясий маразмга кабылганбы” деп ойлоого түрткү берет.
Ошентип Феликс Кулов Садыр Жапаровго президенттик шайлоого ат салышуудан өз ыктыяры менен кетүүнү сунуштады. Анын ордуна талапкер Жапаровду өзүн Өкмөт башчысы кызматында көрсөтүүсү туура дейт. Анын айтымында, ошондо мамлекетте биринчи жана эң маанилүү кызмат адамы катары дал ушул премьер-министр эсептелери айкын болот.
Кыргызстандагы башкаруу системасында премьер-министрдин маанилүүлүгү тууралуу жогорудагыдай фразага кантип баа берсе болот? Шылдың катарыбы же Кулов чыдап эле өзү айткандарына ишенеби? Бүгүнкү күндө бардык кргызстандыктарга Өкмөт башчысы биздин өлкөдө эч нерсе чече албастыгы кашкайган чындык экени белгилүү. Чындап эле эч кандай маселе чечкен эмес. Өкмөт башчыны кызматтан алуу жана Министрлер кабинетин таркатуу азыркы конституциялык түзүлүштө жана кыргыз саясатынын салтында чыйт түкүргөндөй эле болуп калган. Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда оппозициядагы Өмүрбек Текебаев мындай фокустардын бир далайын жасаган.
Феликс Кулов президенттикке талапкерлерге да кайрылды. Жапаров президенттикке ат салышуудан баш тарткан учурда, президенттик шайлоодо ким жеңип чыкса дагы Жапаровду премьер-министрлик кызматка баруусун колдоо алып, Өкмөттүн ишине кийлигишпөө, Өкмөт башчысына толук өз алдынчалуулук берип, ага болушунча жардам берүү милдетин алуусу керектигин белгилеген.
Мына ушул абзац олуттуу саясатчынын саясий билдирүүсүнүн бир бөлүгү болбогондо, тим эле эзиле күлсө болот эле. Кыргыз саясатчыларынын мындай милдеттенме алуусуна кепилдик берүү азыркы учурда кандай гана абал болбосун саясатчылардын сөздөрүнө ишенүүгө болбостугу туралуу тарбия берүүчү накыл кеп эле болуп калат. Белгилей кетүүчү жагдай, Феликс Кулов өзү дагы дал ушундай кырдаалда болгон. Келечектеги мамлекет башчысынын кепилдиктери кандай бааланаарын ал жакшы билет. 2005-жылы ал Курманбек Бакиев менен өз ара милдеттенмелер боюнча - бири президент болуп шайланса, экинчиси премьер-министр болот деп макулдашкан. Бакиев бул шарттарды аткарган. Бирок 2006-жылы эле бул “кепилденген” Өкмөт башчы Министрлер кабинети менен чогуу кызматтан кетүү чечимин кабыл алышкан.
Мындай эски сунуштамалары менен катар Кулов референдум тууралуу, ошондой эле алдыдагы шайлоолор жөнүндө дагы маселелерге токтолгон. Бир апта мурун эле бул маселелер боюнча келишкис позициясын айтып, “өлкө толугу менен башаламандыкка кабылды”десе, Куловдун бул жолку кайрылуусунан саясатчы көз карашын өзгөртүп, азыркы учурда болуп жаткандардын баарынын мыйзамдуулугунан күмөн санабай калды деп жыйынтык чыгарса болот. Дегеле Куловду президенттин легитимдүүлүгү, парламенттин же өкмөттүн аракеттеринин мыйзамдулугу деле кызыктырбайт.
Эң башкысы эле Садыр Жапаровду президенттикке ат салышуудан баш тарттыруу, а калган талапкерлер болсо генералдын акыл-насааты менен иш алпарат.
Эмне дейбиз, Феликс Шаршенбаевич акыркы мезгилде ким эмне кылышы керек, ким кайда басыш керек, кандай мыйзамдарды кабыл алыш керек деген сыяктуу кеп-кеңештерин марттык менен таратып келет. Бирок алардын баары логикага туура келбей, алтургай бири-бирине каршы келип жатат. Кокус анын кеп-кеңештерине муюп, анын айтканындай болсок, анда Куловдун өзү айткан толук башаламандыкка кептелебиз.