Учурдагы Конституциянын "атасы" жана "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев азыр  конституциялык реформага катуу каршылык көрсөтүп жатат. А болбосо өз убагында так ошол Өмүрбек Чиркешович жана анын убактылуу өкмөттөгү пикирлештери  өлкөнүн башкаруу системасын 10 жылдап кыйраткан  мыйзамдык башаламандыкты жаратышып, акырында ал ушул жылдын октябрындагы окуяларга алып келбедиби. 

Бир катар өзгөртүүлөрдөн кийин
 

Конституцияны өзгөртүү жана референдум боюнча кызуу талкууга "Адилет" клиникасынын юристтери да кошулушту. Алар документтин адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарга шайкештигин, кол коюлган эл аралык келишимдер боюнча Кыргызстандын милдеттенмелерин, мыйзамдуулуктун жана юридикалык ишенимдүүлүктүн принциптерин текшерип, мыйзам долбооруна системалуу жана терең талдоо даярдашты. Ал талдоонун  жыйынтыгында бейөкмөтчүлөр өздөрүнүн сунушун албетте, сын-пикирдик маанайда айтышты. 

Аны менен катар "Адилет" 2010-жылы кабыл алынган жана 2016-жылы өзгөртүү-толуктоо киргизилген учурдагы Конституция дагы да сапаттуу өзгөртүүлөргө муктаж экендигине макул болгон. 

"Учурда президенттин макамы так аныкталбаган бойдон турат, ал мамлекеттик бийлик бутактарынын бирине да кирбейт, бирок мамлекет башчысы болуп эсептелинет жана бир катар ыйгарым укуктарга ээ", - деп айтышты юристтер. 

Республикабыздын Баш мыйзамы көп, ал турмак үзгүлтүксүз  өзгөртүлдү десек да болот - ар бир келген президентке ылайыкташты. Көз карандысыз Кыргызстандын Конституциясынын долбоору 1991-жылы түзүлгөн, бирок азыр "легендарлуу парламент" деп аталган Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышы тарабынан талкуулоого жана кабыл алууга эки жыл кеткен. 
Биринчи президент Аскар Акаевдин убагында Баш мыйзам беш жолу өзгөртүлгөн. Ал Конституциялык кеңешмелерге Өмүрбек Текебаев да киргенин белгилей кетели. 

2006-жылдын ноябрь жана декабрында, Аскар Акаевдин бийлиги кулагандан кийин Конституциянын эки варианты кабыл алынган, бирок экөө тең 2007-жылдын 14-сентябрында күчүн жоготкон. Баш мыйзамдын 2003-жылдагы редакциясы күчүнө кирген. А 2007-жылы президент Курманбек Бакиев болуп турганда 1993-жылдагы Конституция кайтарылган, бирок жаңы редакцияда. 

2010-жылдын июнь айында Конституция кезектеги жолу өзгөртүлдү, бул жолу "текебаевдик" болду. Анда өлкөнү башкаруу формасы президенттиктен парламенттикке өзгөртүлгөн. 
 

Мындай өзгөртүүлөрдү убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү - Бакиевдин бийлигин кулаткан  революционерлер Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев демилгелеген. 

Жаңы Баш мыйзамды өтө тездик жана кырдаал курчуп турган маалда  кабыл алышкан. Өлкөнүн түштүгүндөгү эл улуттар аралык кагылышууга алып келген июнь окуясынын курмандыктарына ыйлап бүтүшө элек болчу, а саясатчылар өздөрүнө керек Конституцияны элдин ушундай абалынан пайдаланып өткөрүп алууну көздөшкөн. 

Жыйынтыгында, Баш мыйзамдын жаңы версиясын кабыл алуу боюнча референдумду жана жасалма президенттик шайлоону бир күндө өткөрүштү. Эч кандай коомдук угуулар, талкуулар жана талдоолор болбоду. 
 

Улуу уламыш
 

2010-жылдагы Конституциялык реформа саясий системадагы бийликти бөлүштүрүүнү түп-тамырынан өзгөртүп, Кыргызстан элин кезектеги үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун пайда болушунан коргошу керек эле. А иш жүзүндө ошол жылдын апрель-июнунда кайсы бир түрдөгү саясий-укуктук уламыш пайда болду. 

Конституцияга чындыгында парламенттик республиканын башкы белгиси  болгон - өкмөттүн парламент алдында саясий жоопкерчилигин бекитип коюшкан. Жогорку Кеңештин депутаттарына жана премьер-министрге өкмөттү куроодогу башкы ролду беришкен. Ал эми жашыруун добуш берүү аркылуу  жалпы элдик тең жана түз шайлоо укугу - эл тарабынан шайланган президентке президенттик республикага мүнөздүү укуктарды калтырышты. Мамлекет башчыга ушундай функция жана ыйгарым укуктар ыйгарылды, бул ага мамлекеттин учурдагы иштерин башкарууга түздөн-түз кийлигишпестен, мамлекеттин саясий багытын жигердүү багыттоого мүмкүнчүлүк берди. Бул маселеде президент институтуна көбүнчө парламент өзү жардам берген, болбосо  теориялык жактан алганда, супер-президенттик бийликке тоскоолдук кылышы керек болчу.
 

Мисалы, 2012-жылы июнда ЖК КР "Кыргыз Республикасынын сырткы саясатындагы мамлекеттик органдардын байланышы тууралуу" Мыйзамын кабыл алган, анда президентке сырткы саясатты аныктоо боюнча жана сырткы саясатты жалпы жетектөө боюнча ыйгарым укук берилген. 

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн авторлугу алдында жазылган Конституциядагы макамы боюнча президент "англия ханышасына" айлана албады, бул нерсе парламенттик башкаруудагы классикалык системадагы өлкөлөрдө болушу керек эле. А биздин президенттин таасир берүүдөгү бардык куралдары жана маанилүү формалдык ыйгарым укуктары калып, ал мамлекет башчынын институтун эң бир кубаттуу мамлекеттик органга айландырды. 

Мына ушундай образ менен 2010-жылдын июнь айында Кыргызстан парламенттик демократияны багыттаган башкаруу формасына жол алды деп өлкөдө да, чет өлкөлөрдө да айтылганы менен, маңызында президентте маанилүү укуктар бар, а парламент өкмөттү депутаттардын кежирлиги менен эле кубалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон система түзүлдү. Аны менен катар мамлекет башчысы да, парламенттегилер да жаралган кырдаал үчүн жоопкерчилик алышпайт, мисалы, республиканын социалдык-экономикалык жаатында. 
 

Факты бергиле! 
 

Жоопкерчилик бөлүгүнүн такталбагандыгы жана укук планындагы ашкере мүмкүнчүлүк президенттерге оюна эмне келсе ошону аткарууга шарт түздү. Мисалга алсак, Сооронбай Жээнбеков өз мөөнөтүн ага чейинки президент Алмазбек Атамбаевдин көлөкөсүнөн чыгууга коротту. Эксперт Аркадий Дубнов  Сооронбай Жээнбековдун бир топ чыйралып, өзүнө ишенимдүү боло түшкөнүн белгилеген. 

Экс-президенттин өзүнө болгон ишенимин Атамбаев менен жарыяланбаган согуш курчутту. Алгач Жээнбеков бул согушта ачыгын айтыш керек, жеңилип жүрүп отурду. Алмазбек Атамбаев харизмасы жана отко май чачмай жоругу менен "досунун" жашоосун татаалдаштырып келди. Кой-Таштагы резиденцияга чабуул болбогондо бул окуя эмне менен аяктаары белгисиз эле.  
Башка ийгиликтер болбоду. Коррупция менен күрөшүү көңүл кубантаарлык жыйынтык алып келбеди. Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги алдындагы УКМК аз убакта  коррупция боюнча  акыркы үч жыл ичиндегиге караганда көп ишти ачыктаганын айтпай эле коелу. 

2019-жылдын май айында "Азаттык" Кыргызстандын бажысында жылдар бою көмүскө схемалар иштегенин, өлкөдөн ар кандай шектүү жолдор менен миллиондогон долларлар чыгарылып кеткени тууралуу сенсациялык иликтөө жарыялады. Иликтөөчүлөр бул операцияга Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун катыштыгы бардыгын билдиришкен. 

Жээнбеков тарабынан реакция болбоду. Жарандык активисттер #Reакция аталышындагы бир нече митинг өткөрүштү. Бажыдагы коррупциялык схемага катыштыгы бар укук коргоо органдарынын жетекчилеринин отставкасын жана кылмыш жообуна тартууну талап кылышты. 

Активисттердин коррупциялык феномен Матраимовго мамлекет башчысынын көңүлүн буруу аракети жыйынтык алып келбеди. Тескерисинче, Матраимовдор кланы мурдагыдан да кубаттуу болуп чыга келди. "Мекеним Кыргызстан" партиясы түзүлдү жана болуп көрбөгөндөй ийгилик менен шайлоо кампаниясын жүргүзүп, жыйынтыгында парламенттен 40 мандат алды. Эгер шайлоодон кийинки окуялар болбогондо коррупцияга каршы күрөш фарсы жаңы деңгээлде улантыла бермек. 

Легендарлуу "чимкириктердин" чакырылышы 
 

Эгемендүүлүк жылдарда Кыргызстандагы батыштык парламентаризм үлгүсү иштеп кете албады, негизги себеби республикада партиялык маданият калыптанбады, басымдуу бөлүгү байлыгын сакташ үчүн мандатты сатып алган  бизнесмендер менен толгон ЖК өз алдынча саясий позицияны карманган толук кандуу бийлик бутагы боло албады.  

Жыйынтыгында, парламент өлкөбүздө дайыма үй-бүлөлүк-кландык режимди кооздогон жана президенттин бардык талабын орундаткан декорацияга айланды. 

6-чакырылыш да башкача болбоду. Алмазбек Атамбаев президент кезинде эмне дебесин депутаттар жан-дили менен колдоп жатышты. Ал турмак активдүү сын айткан жарандык коомдун өкүлдөрү да. 

Президент алмашкандан кийин парламентарийлердин приоритеттери да өзгөрдү. Ошол эле депутаттар ага чейин Алмазбек Шаршеновичтин ар бир сөзүн чоң сыймык менен угуп келишсе, 2019-жылдын июнь айында ошондой эле чоң сыймык менен аны экс-президенттик статусунан ажыратышты. 

Биздин парламентарийлердин энергиясы мамлекет башчысы менен түз байланышканын октябрь окуяларынан да көрүүгө болот. Өлкөнүн бийлиги бир түндө эмес, бир нече саатта эле кулады. 

Текебаевдик Конституция жамааттык жоопкерчиликсиздикти улантты.  Президент, депутаттар же премьер юридикалык жактан кандай жоопкерчилик тартаары тууралуу документте бир ооз сөз жок. Жыйынтыгында, кризистик кырдаалда биздин бардык башкаруучулар көз көргөн жакка качышты, өлкөнү жана элди тагдыр таразасына калтырышты, улуттук суверендүүлүктү коркунучка кептешти. Эч ким эч нерсе чечкен жок, эч ким окуядан кийинки башаламандыкты жөнгө салууга аракеттенбеди. 
 Бийликтин ваакуму пайда болду, аны Садыр Жапаров толтурду. Бийлик анын колуна эзиле бышкан алмадай болуп түштү. А бүгүн аны мындай практикага бардык укуктук мүмкүнчүлүктөрдү жана шарттарды өздөрү түзгөндөр бийликти узурпациялап алды деп айыптап жатышат. 

Конституциянын "атасы" Өмүрбек Текебаев Баш мыйзамды баары "бир кесимден бийлик" ала тургандай кылып жазган. Бул президенттер Атамбаев жана Жээнбеков, депутаттар жана премьер-министрлер ойлоруна эмне келсе ошону жасап, бирок ал үчүн жоопкерчилик албай тургандай абалга жеткирди. Өлкө башчыларынын юридикалык милдеттеринин так эместиги жана жеткиликтүү көрсөтүлбөгөнү акырында биздин учурдагы бардык экономикалык, социалдык жана саясий кайгыбыздын себеби болуп калды. 

Ошондуктан, бүгүнкү учурда  референдум өткөрүү абдан зарыл. Эл өз пикирин айтып, башкаруу формасын тандап алуусу зарыл. Ким бизди башкарат - президентпи же парламентпи - так аныктап ала турган убак келди. Аны менен катар эгер кокус өлкөдө кайрадан курч кырдаал орносо, ага ким жооп берээрин да тактап алышыбыз керек. 

vb.kg сайтынан алынып, кыргызчаланды