Экс-президент Роза Отунбаева азыркы өлкөбүздүн турмушундагы саясый, социалдык кризис тууралуу белгилүү журналист Майраш Базлакуновага бир саатка жакын интервью берип, ал yotube каналына жарыяланыптыр. 

Маегинин башында Роза Исаковна “Кыргызстан саясий кризиске учурады. Бул өтө өкүнүчтүү”,- деп сөз баштаптыр. Ооба, анын бул сөзүндө калет жок. Бүгүнкү күндө Кыргызстан чындап эле токойдо адашып, туура жолду адашып, таппай жүргөн адамды элестетип турат. Бирок ошол саясый кризисти ким жаратты жана кимдин же кайсы президенттин күнөөсү бар деген суроо жаралат. Эгер реалдуу баа бере турган болсок, Кыргызстан 30 жылга жакын мезгилден бери же 1991-жылы Эгемендүү өлкө катары дүйнө жүзүнө таанылгандан тартып саясый кризисте жашап келатат. Анткени өз эркиндигибизге ээ болгонубуз менен туура жетекчи -президент тандай албай, алгачкы эле кадамыбызда мүдүрүлгөнбүз. Р. Отунбаева туура айткандай, ошол учурда илимпоз, интеллекти жогору Аскар Акаев ушул артыкчылыктарын пиар кылып, Бишкектеги студенттер менен жаштардын колдоосуна ээ болуп, такка отурган. Бирок туңгуч президентибиз өзү ак көңүл, дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуу, саясатчы болгон менен аялы, балдар, кыздары, жердештери бийликти узурпациялап алышып, үч мөөнөткө жакын – 15 жыл отуруп алып, акыры 2005-жылы 24-марттагы революция – элдик толкундоолордун натыйжасында гана Москвага качууга аргасыз болду.

Андан кийин келген Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева өзү, Алмазбек Атамбаев, соңку президент Сооронбай Жээнбековдор деле өткөн тарыхтан сабак алышпай, такка отурушары менен эле карапайым калктын көйгөйүн унутуп, жалаң жек-жаат, тууган уруктарын майлуу-сүттүү кызматтарга коюу менен алек болуп калышты. Баарынан да Роза Отунбаева алгач Убактылуу өкмөттүн башында турган, андан кийин өткөөл мезгилдин президенти болгон бир жарым жылдын аралыгында аз жерден Кыргызстан мамлекет катары жок болуп кетүү коркунучуна барып такалды. Себеби ал башкасын айтпаганда да туура 20 жылдан кийин кайталанган Ош окуясынын алдын ала албады. Бул кандуу кесепеттен 500гө жакын адамдын өмүрү кыйылып, өлкөбүздүн экономикасы 2 млрд. сомго жакын зыян тартты. 

Экс-президент андан ары маегинде «Президенттикке талапкерлигин коюп жаткан Садыр Жапаров биринчи орунга Конституцияны коюп, бийликти бышыктап алайын деп, бүгүнкү күнгө чейин чоң аракеттерди жасап жатат. Менин оюмча бул туура эмес», - дейт. Ооба, азыр бизге парламенттик башкаруу керекпи же президенттикпи деген маселе боюнча коомчулукта эки ача пикирлер айтылууда. Бирок 2010-жылы апрель төңкөрүшүнөн кийин Ө. Текебаев аркылуу кыргыз элине Батыш тарабынан таңууланып киргизилген парламенттик башкаруу күткөндөгүдөй болгон жок. Балким, дагы бир нече ондогон жылдардан кийин, элдин аң-сезими ошол Батыштагыдай болгондо парламенттик башкаруу бизге ылайык келер. Себеби, бизде белгилүү жазуучу Султан Раев так аныктама бергендей, “Бардыгы жооп берген жерде эч ким жооп бербейт”,- болуп, депутаттык мандат менен кошо кол тийбестик укукка, мамлекеттин эсебинен бекер машина, маянага жана бизнесине жашыл жарык алган депутаттар эч бир эл алдындагы жоопкерчилигин сезбей, отчёт бербей, жалаң жеке кызыкчылыгы менен гана жашап калышты. Натыйжада эл менен бийликтин арасы асман менен жердей алыстап, бийликтин кадыры төмөндөдү. Баарынан да депутаттык мандат партиялык лидерлердин “бизнесине” айланып калды. Өзгөчө акыркы ирет, 4-октябрда өткөн шайлоодо эски бийликтин үч партиясы ар бир добушту ачык эле сатып алышынын акыры Кыргызстандын 90% элинин кыжырын келтирип, үчүнчү ирет революция болуп, үчүнчү президент качпаса да, мөөнөтүнө жетпей тактан кулады. Эмне үчүн элдин бардыгынын кыжырын келтирген бул ыплас шайлоо боюнча кадыр-баркы, оозунда сөзү, акылы бар, экс-президент катары мамлекеттин, демек элдин эсебинен 90 миң сомго жакын акча алган Роза Отунбаева ооз ачып койгон жок?!…