Акыркы учурда Теке баштаган бир “топ” кайра өз интригаларын баштады. Ага экс-президент Отунбаева төш болуп, аркы жээкке өтүп референдумдун эмне кереги бар деп чыгышты. Чынын айтканда, эл ушуларды көргөндө жүрөгү айланат. Өздөрү бир жарытпайт, же колунда бийлик турганда мамлекетти оңой албайт. Башка бироо иш кылган жатса, капталдан чыгып сүзгүлөйт. Текеге кошулуп алган Отунбаевга эмне жок. Өзүн айдан түшкөн периште сезет. Бир жарым жыл президент болуп, жарытылуу эч нерсе кылбай, тынч жол менен президенттикти өткөрүп берип койгондугун эрдик катары көрөбү. Эгер чынын да эле экс-президент катары элдин эртеңкисине күйсө, анда калыс сөзүн айтпайбы. Же эмне эл өз келечегин тандоого аксы жокпу? Теке баштаган бир уучу топтун жетеги менен эле бардык нерсе чечилип калууга тийишпи. Ар бир адам шайлоого укуктуу. Азыр эки адамдын башы кошулса: “кыгыраган, пайдасыз депутаттардын эмне кереги бар” деп наалышат. Демек, эл парламенттик система менен өлкө өнүкпөрүнө көзү жетип калды. Андыктан сууну иритпеңиз, Роза Исаковна.  Мурунку мамсекретарь Осмонакун Ибраимов туура айтат, Нурлан Мотуев кандай экс-астронавт болсо, Роза Отунбаева ошондой экс-президент.

“Бакиевдин кадрлары кызматтарга келип жатат” деп, кайра эле качанкы Бакиевди козгойт. Керек болсо,Теке баш болуп, Отунбаева төш болуп, Бакиевдин кадрлары. Аны ажо кылып ушулар алып келген. Акырын оппозицияга өтө качса эле Бакиевге тиешеси жок болуп калабы. Андыктан куугунтуктоону ушулардан баштайлы.