Роза Отунбаева коомчулукка "Азыркы бийликке Курманбек Бакиевдин кишилери толуп алды" деген пикирин билдирди. Ал бул нерсе менен эмнени айткысы келип жатканын ким билсин, бирок убагында ошол Бакиев менен коюн-колтук алышып, Жоогазын революциясында жүрбөдү беле? Анысы го мейли эле, андан кийин убактылуу президент боло калып, Бакиевди өлкөдөн качырып жиберген ким эле? Ошол Убактылуу өкмөттү жетектеп, мамлекеттин эбегейсиз байлыгын тымызын бөлүшүп алышып, эми эч нерсе билбеген, көрбөгөн адам катары оппозиция болумуш болуп, ар кимди жамандап жүрүшөт. Бет деле жок буларда.