Башкасы болбосо да сакалдуу башы менен ушу Отунбаева жөн эле отурса болмок. Өткөндө берген маегине кулак төшөсөк деле акылдуу. Улуу еврей элинин "если такой умный, почему ты бедный" деген кеби аргасыз эске түштү. Анын сынарындай ушунчалык акылдуу, иш билги, акыл карачач болсо эмнеге өзү иштеп турганда ошолорун колдонгон жок. "Сынчынын сыңар өтүгү майрык" дегендей түштөн кийин сын айтып, акыл кошумуш болуп калбай. Бул кемпирди дегеле жакшы көргөн бирөө жок. Себеби, былык иштери, кызыктай кылык-жоруктары арбын. Кыргызга кылган кайсы эмгеги үчүн казынадан 100 миң сом пенсия алат деген ой. Мейли эми алса алгандыр, ошонусун аш кылып, карылык калыс кебин, кеп-кеңешин айтып, элди биримдикке, ынтымакка чакырып отура бербейби десең. Элдин жашоосун өзгөртөм, өлкөнү өнүктүрөм деп улуу милдетти моюнуна алып, жоопкерчиликти артынып жаткан жаштардын колуна кол, бутуна бут болсо сыйлуу болмок.
- Категория: Саясат
- Просмотров: 170