"Менин көп жылдык досум, белгилей кетейин, ал президент болгонго чейинки досум Алмазбек Атамбаевдин адатын кайталагым келбейт. Ал киши да өзүнүн укмуштуудай ойлорун же парадда же майрам күнү элге жарыялачу эмес беле. Бирок Роза Исаковна, менин мамилем кандай экенин билесиз. Азыркы сын-пикириңизди бекер айттыңыз. Орой айткым келбейт, бирок претензияңызды артка алыңыз. Сиз "Акаев менен Бакиевдин кадрлары жанданып баштады", - дедиңиз. 2010-жылы кандай референдум, кандай шайлоо болгонун жакшы билебиз. Аны унутпайлы. Ар бир адам жашоого, шайлоого жана шайланууга укуктуу. Ошондуктан, мен сизди капа кылгым келбейт, бирок ушундай былжыраган сөздөрдү качан токтотобуз?! Уурулар бар, аларды отургузуш керек, коррупционерлердин орду түрмөдө. Парламенттин жарымы натуралдуу уурулар. Алар жооп берсин. Бирок бардык эле акаевчи, бакиевчи кадрларга тийиштүү эмес. Жөндөмү бары, тазасы дагы да иштей берсин. Роза Исаковна, менин сөзүмдү эстеп калыңыз - сиз Нурлан Мотуевдин астронавт болгону сыяктуу эле экс-президентсиз!" - деди мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов.