Кечээ, 9-декабрда Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө карата АКШнын Каржы министрлиги Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата санкция киргизди. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

«Райымбек Матраимов кеминде 700 млн долларды аткезчилик жолу менен Кыргыз Республикасынан сыртка алып чыгууга катышкан. Бул схема бажы төлөмдөрүнөн качууга жол берген. Тактап айтканда бажы кызматкерлерине пара берилген соң, бажы кызматкерлери кымбат товарларды арзан товар катары каттап турушкан. Андан тышкары товарлар бажы терминалдарынан башка товарларга караганда тезирээк өтүп турат. Башка товарлар көп учурда тыгыз көзөмөлдөн өткөрүлүп, оор жүк ташуучу унаалардан түшүрүлүп, бажы кампаларында апталап, болбосо айлап тура берет. Матраимов кызматынан пайдаланып, товарлардын Кыргыз Республикасынын чек араларынан кынтыксыз өтүүсүн камсыз кылган. Ал келип түшкөн параны топтоо жана бөлүштүрүү ишин алып барган. Мындан тышкары Матраимов курьерлер аркылуу накталай акча каражаттарын аткезчилик жолу менен сыртка чыгарып кетүүгө жардам көрсөтүп келген. Кыргызстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери аэропортто ири суммада накталай акча ташып жаткан курьерлерге барганда, курьерлер Матраимовдун атын колдонушкан. Матраимов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматын пайдаланып, жүздөгөн миллион доллар киреше тапты. Ал жемкорлук, анын ичинде мамлекеттик активдерге мыйзамсыз ээ болуу, өз кызыкчылыгы үчүн жеке менчик активдерди тартып алуу, мамлекеттик келишимдер же кен байлыктарын казып алууга байланышкан иштер менен жемкорлук, паракорчулук менен түз же кыйыр түрдө алектенген мамлекеттик кызматты ээлеген чет элдик жаран деп белгиленди. АКШ кимдир бирөөгө санкция киргизген учурда, ошол адамдын АКШдагы же АКШнын жарандарынын көзөмөлүндө же ээлигинде болгон бардык мүлктөрү камакка алынат. Буга кошумча камакка алынган мүлктөрдүн түз же кыйыр түрдө 50 же андан ашык пайызына ээлик кылган башка юридикалык жактарга да санкция киргизилет», - деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Булак: Баракелде