Белгилүү дарыгер Калдарбек Абдыраманов соцтармактагы баракчасы аркылуу мурдагы президент Аскар Акаевге жооп кайтарды. Эске салсак, биринчи президент маалымат каражаттарынын бирине маек берип, анда Кыргызстандагы жаңы Конституция кабыл алуу аракеттерине пикирин билдирген. 

"Ооба, урматтуу Аскар Акаевич, туура,  көп жакшы иштерди жасадыңыз, илимпоз инсан катары сизди терең урматтайм, сыйлайм! 

Бирок сиз күчтүү президенттик бийликти орнотуп, эл байлыгы болгон Кумтөрдүн кутун кетирдиңиз, үй-бүлөлүк башкаруу системасын түптөдүңүз, эл ичинен чыккан эмес, өзүңүзгө жаккан, жакындарыңыз менен иштедиңиз,  медицинаны болсо реформа жасайм деп 15 жылда аңга түрттүңүз да! 1993-жылкы тунгуч Конституциябызды өзгөртүп, Конституция өзгөртүү  өнөкөтүнө, Ханституцияга жол ачтыңыз. Өзүңүз айткан алгачкы "Алга Кыргызстан" деген партиялык "клубду" түздүңүз. "Акча берсе ала бер,  добушуңду бере бер" деген идеяны элге таңууладыңыз. Ошондон бери бир мандаттуу болобу, пропорционалдык система болобу, эл акча алганды, добушун сатканды өздөштүрүп алды. Таза, татыктуу лидерлер чыгышына эми ал чоң тоскоол болду. Д.у.с. өтө чоң жаңылыштыктарды жасадыңыз. Элиңиз эми ошолордун  азабын тартып жатат. Мамлекеттин абалы мышык ыйлаар, мамлекеттик медицина жокко эсе! Чыныгы парламентаризмди  түптөгөнгө, өлкөнү өнүгүү жолуна салганга  сизде 15 жыл убакыт болгон.

Тескерисинче, президенттик бийликти  улап, 10 жыл сизге аздык кылып, "кол" Конституциялык соттун чечими менен 15 жылга,  андан ары түбөлүк бийликте калыңыз деген жакындарыңыздын азгырыгы жагып,  акыл-эстүү, интеллигент, патриот сиздин да эсиңизди алды!  Жакшы ниеттер  өчтү. Аягы куулдуңуз! Эми сиз эч нерсе билбеген, көрбөгөн адамдай эксперт болуп жатасыз.

Сиз бийлеген 15 жылда жасалган, мамлекеттин келечегине балта чапкан чечимдерге, кыянаттыктар, жоопкерсиздиктерге  ким жооп берет!?

Алгачкы сиз президент болуп шайланган күнү, белгилүү Мадьяр (Венгр кыргыз) Иштван Мандоки баш болуп, биз, Москвада жашаган жүздөн ашуун кыргыз жаштары чогулуп, демократ инсан, академик Акаев  келди деп,  сүйүнгөндөн тебетейлерди асманга ыргытып, кыздарыбыз ыйлаганы эсимде!

Кантсе да, сизди эң эстүү, прогрессивдүү тунгуч кыргыздын эл башчысы катары урматтайм!

Аман болуңуз агай!"