Президенттин милдетин аткарып жаткан Талант Мамытов 7-декабрда Москвада Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушууда эки өлкө ортосундагы аба жана темир жол каттамдарын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда Мамытов учурда аткарылып жаткан үзгүлтүксүз жана чартердик аба каттамдары жарандардын муктаждыгын толук канаттандырбай жатканын белгиледи.

«Эки өлкө ортосундагы үзгүлтүксүз аба каттамдарын көбөйтүү же чартердик каттамдардагы жүргүнчүлөрдүн санына киргизилген чектөөнү алып салуу зарылчылыгы чыгууда. Кыргызстандын авиакомпаниялары эки өлкө ортосунда коммерциялык эмес багытта каттам жүргүзүүгө мажбур болгондуктан, авиабилеттердин баасына терс таасир тийгизип жатат», – деди Мамытов.

Мындан тышкары Т.Мамытовдун В.Володин менен жолугушуусунда парламент аралык кызматташтыкка жана эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларга байланышкан маселелер да көтөрүлдү.

Мамдуманын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча Вячеслав Володин бул жолугушууда миграцияга жана чек арага байланыштуу маселелерди КМШ мамлекеттеринин ишин караган комитетке тапшырган. Кыргызстанда орус тили расмий макамга ээ болгондуктан гана кыргыз мигранттарына Орусияда жумуш табуу жеңил болуп жатканын белгилеп, интеграцияда да туура багыт алуунун зарылдыгы боюнча кеп козгогон.

Кыргызстандын элинин да өкмөтүнүн да Россия менен алака-катышы тыгыз экендиги белгилүү. Андыктан коронавирус пандемиясынан улам киргизилген чектөөлөр турмушубузга бир топ оорчулуктарды жаратып, самолёттун баасы 2-3 эсе кымбаттап кеткен.

 

“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити