Шайлоо бул - шыбамайлардын да кампаниясы экендигин азыр социалдык түйүндөргө, айрым ЖМКларга чыккан материалдар ырастап жатат. Азыр айрым сайттар: “Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев Курманбек Бакиевдин кадрлары. Бакиевдер булардын аркасы менен реванш алганы жатышат” дегендей мазмундардагы маалыматтарды таркатышууда. Айрымдар “Компромат” деген сайтка чыккан материалдардын көпчүлүгүн бир кездеги Бакиевдин секретариатынын жетекчиси, кесиби журналист Оксана Малеваная даярдап чыгарууда дешүүдө. Бирок угушубузга караганда, Малеваная журналистикадан биротоло алыстап, ишкердикке баш-оту менен кирип кетиптир.
Бакиевдердин тушунда азыркы жетекчилердин көпчүлүгү эле жогорку кызматтарда жүрүшкөн, алардын ичинде С.Жапаров менен К.Ташиев да болгон. К.Ташиев өкмөт башчысы Данияр Үсөнов менен тил табыша албай министрлик кызматын таштап кетип, көчөдө калса, С.Жапаров чоңураак нерсени деле чече албаган аты улук болгон менен супарасы курук кызматтардын биринде жүргөн. Аларга салыштырганда АША, Ө.Бабанов сыяктуулар, азыркы парламентте отургандардын көпчүлүгү Бакиевдердин жакшылыгын көбүрөөк көрүшкөн. Деги: “Курманбек Салиевич үчүн аягына чейин ичпегендерге өлүм!” деп кыйкырган, анын үй-бүлөлүк тамадасы болуп, анан 2011-жылдын күзүндөгү президенттик шайлоодо алардан брондолгон машинелерди, миллиондогон долларларды алгандар ким эле? Каалоо эле болсо, аларды ким деле болсо эстейт.
Бакиевдер кеткенден бери К.Ташиев бир нече шайлоого катышып, чабылып чачылды. Каржылык жактан аябай кыйналган учурлары да болду. Эгерде чындап эле Ташиев Бакиевдерге жакын болсо, алар аны ошондо эстешет эле го. Ал эми С.Жапаровду айтпай эле коёлу, көрбөгөндү көрүп, баарынан өз күчү, досунун жардамы менен чыгып келе жатат. Анчалык кыйынчылыкка чыдагандардын алыстагылардын жардамысыз деле бул жолку шайлоодон натыйжа менен чыкканга эрктери да, мүмкүнчүлүктөрү да жетет.
Чындыгында бул шайлоого Бакиевдердин же алыста жүргөн башкалардын тиешелери, кызыкчылыктары деле жок. Анын баарын “ушинтип шыбап чыксак шайлоочулардын бир бөлүгү Садыр Жапаровдон жүз үйрүп кетишеби” деген максатта президенттик шайлоодогу атаандаштар чыгарып, жалданма подрядчиктер аркылуу туш тарапка таркатып жатышат. Бирок алар кара пиар чеги, өлчөмү менен болбосо, күткөндөн тескери натыйжаларды бериши мүмкүндүгүн да эстеринен чыгарышпаса.
Тынчтыкбек Бешкемпиров