-Уран мырза, 1993-жылкы Конституцияга кайтып келүү зарылчылыгын айткандар чыга баштады. Чындап эле 1993-жылкы Конституцияга кайтып келсек эле баары орду-ордуна келип калабы?
-1993-жылкы Конституция келсе эле жыргап кетебиз деген түшүнүк туура эмес. Ооба, ал Конституциянын көп жакшы жактары бар. Бирок миналары да көп. Айтайын дегеним, ал Конституцияда көбүн эсе жеке менчикке басым жасалып кеткен.
-Жаңы Конституция кабыл алынса, президенттик аппарат менен премьер-министрдин аппараты бириксе, бюджет үнөмдөлүп, мамлекеттик чыгымдар азаябы?
-Мамлекеттин эсебинен кеткен чыгымдарды азайтуу үчүн эми жогору жактагылар кардиналдуу чечимдерге барышы керек. Тагыраагы, президенттин аппараты менен премьердин аппаратын кошушканы жатышат го. Эми президенттик аппаратка кеткен чыгымды толугу менен бюджетке кайрыса, Кытайдын карызынан дагы кутулабыз пенсия жана социалдык төлөмдөргө дагы кенен жетет. Президенттик аппарат жыл сайын короткон 1.4 млрд. сом Кыргызстан үчүн эбегейсиз чоң сумма.
-Баса, Сооронбай Жээнбековдун пенсиясына бөлүнгөн каражат да коомчулукта чоң талкууну жаратты. Ал үч жылда эмнени кыйратканы үчүн 150 миң сом пенсия алат дегендер четтен чыга баштады. Мамлекет айласын таппай турган маалда экс-президенттер бюджетти эңшербей азыраак пенсия алып турса болбойбу?
-Экс- президенттин өзүнүн статусу бар. Тагыраагы, ким кандай маалда экс статусуна ээ болору боюнча. Өзүнүн мөөнөтүн өтөбөй, эл тарабынан куулуп кеткен кишиге экс-статусун берүү эч мыйзамдарга туура келбейт. Эртеби- кечпи бул маселе коомчулук аркылуу, өзгөчө 5-октябрда жарадар болгондор тарабынан көтөрүлүп чыгып, укуктук баа берилиши керек. Ошондо, автоматтык түрдө Роза Отунбаеванын дагы мыйзамсыз экс-статусун алгандыгы былгып чыга келет.
Булак: «Майдан. kg» гезити