Калыстык үчүн айталы, учурдагы бийлик башында олтургандар кыска убакыттын ичинде өлкө казынасына миллиондогон сомдорду кайтарып, коррупцияга малынгандарды «кустурууга» жетишти. Экономикалык мунапыс жана акча каражаттарын адалдаштыруу айынын алкагында өлкө бюджетинен уурдап, кымыргандарын кайтарууда. Атайын ачылган депозиттик эсепке учурга карата 667,9 млн. сом которулду. Анын 661,2 млн. сомун айтылуу Райымбек Матраимов которгондугу белгилүү болду. Ал колго түшүрүлүп кармалганда, 2 млрд. сомду өлкө казынасына кайтара турганын билдирген.
Ушул жылдын октябрында Райымбек Матраимов Бажы системасында көмүскө кирешелерди берүүчү ири коррупциялык схеманы түзгөндүгү үчүн айыпталып, колго түшүрүлгөн эле. Андан соң ал өлкөдөн чыкпоо милдеттенмеси менен кое берилип, 2 млрд. сомду өлкө бюджетине кайтарууга сөз бергендиги маалым болгон.
Албетте, өлкө бюджетибиз өп-чап абалга кептелип, 1 миллион сом да керек болуп турган кезде Райымбек Матраимовдун 661 млн. сомду кайтаргандыгы жакшы деңизчи. Бюджетке сезилерлик колдоо болот. Бирок коррупция менен күрөшүүнүн мындай ыкмасы кандай болуп калат? Уурдаган, кымырганыңарды кайтарып койгула да, андан ары коррупциялык схемаңар менен көмүскө кирешеңерди көрө бергиле дегендикке жатабы, ыя?
Булак: «Майдан. kg» гезити