Бул маселени бүткүл элдик добуш берүүгө чыгаруу ашыкча деп ойлойм.
Эмнеге? Азыр түшүндүрөм.
1. 2020-жылдын 5-6-октябрындагы элдик толкундоолор элдин учурдагы Конституцияда түзүлгөн системага каршы экенин билдирип турат. Эл парламенттик системага "жок" деген жообун берди. Эмнеге эми кайрадан сураш керек? Албетте, айрымдар эл башкаруу формасына эмес, добуш сатып алууга, партиялык тизмеге каршы чыккан деп жатышат. Ушунун баары орнотулган системанын жыйынтыгы, анан калса мындан аркы ажырымдын пайдубалы эмеспи.
Кээ бир топтор талап кылгандай, парламенттик шайлоону Конституцияны өзгөртпөй туруп (системаны) өткөрүү эл алдында кылмыш кылуу жана саткынчылыкка тете.
2. Учурдагы Конституция кабыл алынгандан кийинки он жыл анын өлкөнүн өнүгүшүн жана элдин бакыбат жашоосун камсыздоого дарамети жетпей турганын, жөндөмсүздүгүн көрсөттү. Мамлекеттик аппараттын талкалануусу, экономиканын толук кыйроосу, бийликтин жоопкерсиздиги, коррупция, мамлекеттик дисциплинанын жоктугу жана элдин жашоо-турмушунун деңгээлинин кескин ылдыйлашы – учурдагы Конституцияга орнотулган системанын жыйынтыгы. Андыктан, референдумда элден: "Сиз мындан аркы талкаланууну каалайсызбы?" – деп сураш керек.
3. Эл он жыл ичинде парламенттик республиканын күңгөй-тескейин өз жон териси менен сезгенден кийин, референдумга система тууралуу маселени чыгаруунун кереги барбы? Ал эми биз парламенттик системаны кура албадык, он жылда парламенттик башкарууда иш жүзүндө жашаган жокпуз деп аныктап жаткандарга жооп: "10 жыл бою эл анын жоболоруна каршылык көрсөттү".
Референдумга натыйжалуу боло турган формалар боюнча маселени коюу керек. Эл айтып келген жана айтып жаткан, айрым учурда кыжыр коштогон маселени кайрадан сурай берүүнүн кажети жок.
4. Референдумда башкаруунун президенттик формасына негизделген жаңы Конституция кабыл алынса, демек, эл президенттик форманы колдойт, а эгер "каршы" добушу көп болсо, демек, көпчүлүк парламенттик республика үчүн. Ошондуктан, экинчи ирет да элден кайсы башкаруу формасын колдойсуз деп суроонун кажети жок.
5. Биздин эгемендүүлүгүбүздүн дээрлик 30 жылында Конституцияны он жолу оңдодук жана ар бир жолкусунда кызуу талкууга алынган, жалпы эл талкууга катышкан. Кимге кызык болсо, ал дайыма талкууланып жаткан бардык жоболорду жаттап да алат. Баарына маалым, башкы маселе – Президент жана ЖогоркуКеңеш. Калган маселелер узакка созулган талкууну талап кылбайт. Алар туруктуу. Ошондуктан, талкууга убакыт керек деп айтуу – убакытты куру бекер коротуу. Эгемендүүлүк жолуна түшкөн бардык мамлекеттер көп иштеп, экономикага көңүл бурууга аракеттенишет, а бизде түгөнбөгөн талкуулар. Келгиле, иштеп, экономиканы көтөрөлү. Текебаевдин баарын кыйроого жеткирген Конституциясын он жылдап талкуулаганыбыз аздык кылабы? Биз аны ал турмак “жоготуп” да жибердик, эксперттер анын натыйжасыз экенин бир нече жолу кайталашкан. Дагы эмне түшүнүксүз болуп турат? Убакытты уурдатпаш керек – бул кечирилгис иш, тез арада жыйнакталып, экономикалык өсүүлөргө басым жасашыбыз зарыл. Убакыт бизге душман. Оппозиция дайыма болгон жана боло берет, анын милдети ар дайым сындамай, а эгер дайыма каршы маанай жарата берсе, биз эч убакта элдин курч маселесин чече албайбыз.
6. Бул жылдар аралыгында биз туура башкаруу формасын орнотууга аракеттенип жаңылдык. Бирок башкы маселе башкада. Маселе башкаруу формасына эмес, бийликтин натыйжалуулугу менен жоопкерчилигине арналыш керек. Кыргызстандагы үч революция бардык башкаруу формаларында болду, Революцияны бийликтин жоопкерчиликсиздиги, коррупция жана бийликти ашыкча пайдалануу себептери шарттады.
Элден башкаруу формасын сураштын кереги жок, анткени эксперт, юрист жана саясатчылар бул суроого так жооп беришпейт. Элге жоопкерчиликтүү же жоопкерчиликсиз бийликтин долбоорун сунуштоо зарыл. Эң башкы нерсе ушул. Ошондуктан, башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду токтоткула, бул убакытты текке кетирүү. Элге коопсуздукту камсыздаган, жумуш ордун түзгөн, айлык акыларды убагында берген, балдардын билим алуусун жакшырткан жана мыкты шарттагы ооруканаларды курган жоопкерчиликтүү бийлик керек. Конституциялык кеңешмеде талкууланып жаткан Конституция долбоорунда президенттик башкаруу каралган, бирок башкысы мамлекет башчы аткаруу бийлиги үчүн жоопкерчиликти моюнуна алгыдай долбоор түзүү керек. Бул жөнөкөй түшүнүк боюнча да туура жана акыйкат, учурдагы Конституцияга ылайык, коркокко окшоп жашынып отуруп алып тымызын мамлекетке буйрук бербей, адам жоопкерчиликти ала билсин. Учурдагы Конституцияда Президент Өкмөттү жана парламентти байлап алган, бирок өзүндө ыйгарым укук жок. Өкмөт Президенттин оозун тиктейт, а парламент ыйгарым укугу болсо деле аны иш жүзүнө ашыра албайт, ал Өкмөттү сындайт, бирок депутаттардын парламенттеги добуш берүүлөрү жана билдирүүлөрү үчүн жоопкерчилиги жок, каалаган учурда коалицияны таратып, Өкмөттү отставкага кетире алышат. Баары бири бирин коркутушат, бирок бардыгы тең чечим кабыл алуудан чоочулашат. Команда түзүү мүмкүн болбосо, 10 жыл ичинде 10 премьер-министр алмашса, анан кантип экономика көтөрүлөт.
Айтылгандардын негизинде, мен биз баарыбыз биргеликте жаңы Конституция боюнча референдумду 2021-жылдын 10-январында мамлекет башчысын шайлоо менен чогуу өткөрүшүбүз керек деген ойго токтолом. Азыр башка жаңы Конституция кабыл алынбайт деген Конституциянын авторитардык духун сындырууга тарыхый мүмкүнчүлүк келди. Макалдатып айтканда, “Темирди кызуусунда чап”. Же ата-бабаларыбыздын дагы бир накыл кеби – “Сөз убагында айтылбаса, атасы өлөт”. Менин баамымда, мындай мүмкүнчүлүк башка келбейт.
Мен Конституциялык кеңешменин мүчөсү катары иштебей жаткан Конституцияга реформа зарыл деген ойго кечээ эмес, бир жыл эмес... өтө көп убакыт мурда эле келгем. Мен жаңы кабыл алынчу Конституция элге кызмат кылат жана көп кыйынчылыкты башынан өткөргөн Мекенибизге ар тараптуу өнүгүүгө жол ачат деп терең үмүттөнөм. Чындыгында, аз жылда шыбагабызга көп сыноо туш келди.
Ошондуктан, бул макаланын “кабыл алуу болбойт кечиктирүү” деген аталышында үтүр “КАБЫЛ АЛУУГА” сөзүнөн кийин коюлушу керек.
Медер Алиев, Конституциялык кеңешменин мүчөсү, көз карандысыз юрист
Булак: «Майдан. kg» гезити