Владимир Путин 2-декабрда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) саммитинде Кыргызстандагы кырдаал турукташканына канааттануусун билдирди. Ал онлайн форматта өткөн жыйында Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго кайрылып, «өлкөнүн туруктуулугу үчүн биргелешкен интеграциялык уюмдардагы позициясы маанилүү» деп белгиледи:

«Биз Кыргызстандын ички саясий турмушуна тынчсыздануу менен көз салып турдук десем жалпылап айткан болом. Өлкөдө кырдаал турукташып жатканы канааттандырат. Бизге ошондой эле сиздердин эл аралык келишимдердеги милдеттенмелерди аткарышыңар да маанилүү. Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында да, ЖККУнун алкагында да позициясын өзгөртпөгөнү кубантат. Бул Кыргызстандын өзүнүн туруктуулугу үчүн да орчундуу».

Владимир Путин Орусия Кыргызстандын экономикасын, социалдык тармагын колдоого аларын билдирип, биргелешип аракеттенүү уланарын кошумчалады. Орус президенти бул үчүн өлкөнүн ички тынчтыгы зарыл экенин айтты. Ошондой эле президенттик жана парламенттик шайлоолор Конституциянын, шайлоо мыйзамдарынын чегинде, жогорку деңгээлде өтөрүнө кызыкчылыгы бар экенин айтып, ийгилик каалады.

Булак: Элгезит