Кыргызстандагы октябрь окуясы - бул кезектеги "түстүү" революцияга жасоого аракеттердин ишке ашпай калышы. Анын демилгечилери өздөрүнүн схемасына боюнча мамлекеттик төңкөрүш жасоо ниетине дээрлик жетейин деп калышкан, бирок Камчыбек Ташиев жана анын тарапташтары жолтоо болушуп, окуяларды башка багытка бурууга үлгүрүштү.

Өлкөдө кандайдыр бир таң калыштуу маанай жаралып жатканын vb.kg шайлоого чейин көп убакыт мурда эле жазган. Каршылык потенциалы өлкөдө элдин коронавирус эпидемиясы убагында бийликтин аракетсиздигинен улам жаралган жок. Биздин мамлекетте Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланаары менен шашпай, ылайыгын күтүп революциялык драма даярдалып баштаган.

Сооронбай Шарипович мамлекет башчысы болуп турганда батышчыл күчтөрдүн өкүлдөрүнө, башкача айтканда ар кайсы багыттагы активисттерге болгон жакшы мамилесин жарыя кылды. Алар өз кезегинде анын көңүлүн чеберчилик менен мурдагы мамлекет башчыга каршы бурушту. Жыйынтыгында, бир экс-президент башкасы менен күрөштү, а алар өлкөгө белорусия окуяларынын кыргызча версиясын ишке ашырууга  шымалана киришишти.

Сөз кезеги келгенде айта кетели, кандайдыр бир жашыруун аракеттер болуп жатканы белгилүү эле болуп калган. Аткаминерлер майлуу-сүттүү орундардан качышты. Бийликке караштуу партиялардан башка партиялар шайлоо кампанияларына чачыла беришпеди, кудум эле ызы-чуудан пайдаланып бийликке жетип калуудан үмүт кылышкандай.

А Өмүрбек Текебаев "Ата Мекен" партиясынын катарында шайлоого барбоо чечимин кабыл алып, аз эле жерден добуш берүүдөн кийин бизди эмне күтүп жатканын ачык айтып жибере жаздады.

-Эгер биз азчылык болуп калсак, көчөдөн колдоо көрсөтөбүз. Кыргызстан бир нече жолу көчөнүн күчүнө күбө болгон. Бул күчтү Украина да көрдү. Көчөнүн күчүн азыр Лукашенко да сезип жатат. Эгер бийлик элди, азчылыктагы оппозицияны укпаса, анда "Ата Мекен" көчөнү көтөрүп, бул кыймылды башкарууга даяр, - деген саясатчы.

Биздин өлкөдө батышчыл күчтөрдүн колдоосу колоссалдуу экени түшүнүктүү. Өлкөдө АКШ жана Европадан каржыланган өтө көп бейөкмөт уюмдар бар. Бейөкмөтчүлөрдөн чыккан бир топтор саясий партиялардын катарында шайлоого аттанышкан. Ошондуктан, 5-октябрда баары белоруссия схемасында болгону таң калыштуу эмес, шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык иретинде каршылык акциялары башталды.

Бул этапта батышчыл революционерлердин жеңиши ушунчалык жакын болгону маалым, ал турмак алар мурдагы СССРдин курамындагы башка өлкөлөрдөгү кесиптештеринен куттуктоолорду уялбай кабыл алышты. Ошол эле Кыргызстандагы окуяларды ачык колдогон Алексей Навальныйдан дагы.

Бирок кырдаал кыргыз либералдардын пайдасынан тайып кетти. Ойлору ишке ашпай калган революционерлердин кантип дыргаяктагандарын көрүү кызыктуу да болду. "Кыргыз демократиясынын салтанатынын" жактоочулары (Каныбек Иманалиев аныктагандай - авт.) азыр айтылып жүргөндөй бут кийимдерин түз эле абада алмаштыра башташты.

Кайсы бир убакка чейин булардын баары президент Сооронбай Жээнбековдун тез арада отставкага кетишин каалашкан. Бирок Өмүрбек Суваналиев да, Өмүрбек Бабанов да, Тилек Токтогазиев да мамлекеттин рулун колуна ала албай калганы белгилүү болгондон кийин, революционерлер бир добуштан Жээнбеков бийликте калышы керек, ал Кыргызстандын коргоочу, сактоочусу деп "ырдап" киришти.

 Садыр Жапаровго каршы толук масштабдуу маалыматтык кампания ишке кирди, аны премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп легитимсиз дайындалганын айтышты. А мурдагы мамлекет башчысынын отставкага кетишин кайсы бир шоуга айлантышты. Бул учур "батышчылдарга" ниетиндеги жыйынтыкты бербеди, өлкөнү Садыр Жапаров башкарды жана бүгүн биз президенттик шайлоого жана Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүүгө даярданып жатабыз.

Бирок эгер "кыргыз демократиясынын салтанаты" акыры иш жүзүнө ашкан болсо, анда бүгүн биз такыр башка көрүнүшкө күбө болмокпуз. Окуялар 2010-жылдагыдай өнүксө керек эле. Башкача айтканда, бийликке караштуу (же жээнбековчул деп эсептелгендер) аткаминерлер жана саясатчылар кызматтан түшүрүлүп, анан калса абакка да отургузулмак. Өлкөнү башкаруу үчүн кайрадан кайсы бир Убактылуу өкмөт же ушул сыяктуу нерсе түзүлмөк. Жаштарга жана жаңыларга ал жерден орун тиймек эмес, 5-октябрда эле эски гвардия митингчилердин жетишкендиктерин өздөрүнө оодарып алышпады беле.

Убактылуу өкмөттү башкарууну жана көзөмөлдөөнү Роза Отунбаевага беришсе керек эле. Анда тажрыйба бар, либералдар дайыма кайталап жүргөндөй ийкемдүү. Анан акыр аягында ачык жарыя болбосо да, биздин өлкөдөгү бардык батышчыл кыймылдардын лидери.

Роза Исаковна маалым болгондой, өлкөдө болуп жаткан окуяларга митингчилер президенттин отставкасын талап кылып жатышканда, эч кандай комментарий бербей келип эле качан гана Жээнбековдун кетиши айкын болгондо анын бийликте калуусуна активдүү аралаша баштады.

-Мен ага айттым, ал азыр бийликтен кете албайт. Моралдык гана себептерден улам эмес, негизгиси Сооронбай Жээнбеков элине ант берди, республикага, мамлекеттүүлүккө, кыргыз элине кызмат кылууга ант берди. Азыр, тескерисинче, ал биз баарыбыз үчүн, өлкө үчүн темир калканч болуп бериши керек, - деп ал Жээнбеков отставкага кетүү боюнча бекем чечим кабыл алганы маалым болоору менен ММКларга берген маегинде айткан.

Апчебиздин акылы жардам берген жок. "Түстүү" революция ошону менен 2020-жылдын октябрь айында ишке ашпай калды.

Анткен менен, бул "батышчылдар" аны кийинкиде ишке ашыруу үмүтүн токтотту дегенди билдирбейт. Бүгүн каршылык көрсөтүүнүн экинчи актысын ойноого аракеттенип жаткан күчтөр бардыгы белгилүү болуп калды. Бирок эми нааразычылыктардын жаралуусунун башкы темасы - бул конституциялык реформа. Аны өз убагында толук кандуу легитимсиз жана легалсыз Убактылуу өкмөттүн курамында Негизги мыйзамды жазган, жөнөкөй элдин кызыкчылыгын эске албаган саясатчылар мыйзамсыз деп атап жатышат. Жана алар кайрадан бизге революциялык казанды даярдап жатышат.

vb.kg сайтынан алынып кыргызчаланды

Булак: “Майдан. kg” гезити