ИИМ башчысы Улан Ниязбеков Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун Жалал-Абад областы боюнча “смотрящийи” Мурзахмедов Эрнис Мурзалиевичти (“Чач”) УКМК эки жолу кармап, камаш керек болгондо бошотуп жибергендиги катуу талкууга алынууда. Дал ушул фактынын айынан ИИМ башчысы менен УКМК төрагасы К.Ташиевдин тирешүүсү башталып кетти.

“ЧАЧ” деген ким өзү? Тирешүүнүн чоо-жайы кандай?

Анын атын укканда элдин жүрөгү түшүп калат. Анткени, канчалаган тагдырлар талкаланды. Канчалаган ишкерлер жабыркады. Акыры, элдик бийлик орноп, күнү бүткөнү турат.

БИРИНЧИ ЖАГДАЙ. 2020-жылдын 6-ноябрында Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгына жеке ишкерден арыз түшкөн. Анда ал Эрнис Мурзахмедов (“Чач”) опузалап акча талап кылгандыгын белгилеген. Э.Мурзахмедов Орусиянын Саратов областынын Энгельск шаарынын тургуну, мурда А.Анапияевдин жакындарынын бири, учурда Көлбаевдин УКТсынын мүчөсү, “Кыргызнефтегаздын” жетекчиси Р.Бостонов менен жакын мамиледе экени белгилүү. Бул ишти тергөө максатында “Чач” Бишкектен кармалып, баш коргоо чарасын кароо үчүн Ошко алпарылган. Бирок, өйдө жактын тапшырмасына ылайык, соттон кое берилген.

ЭКИНЧИ ЖАГДАЙ. 16-ноябрда “Чачтын” үстүнөн катардагы жарандан МУККнын Жалал-Абад областтык башкармалыгына арыз түшкөн. Бул иш ИИМдин өзгөчө маанидеги иштерди тергөө бөлүмүнүн (СС МВД КР, Ош) улук тергөөчүсү, милициянын майору Т.Насиев тарабынан тергелип жаткан.

17-ноябрда Ошко күбө катары суракка арыз жазуучу К.Аканов чакырылган. Анын жүрүшүндө К.Аканов Э.Мурзахмедов (“Чач”) бир топ убакыттан бери үй-бүлөсүнө, жакындарына физикалык жактан күч колдонорун айтып, коркутуп келгенин айтып берген. Айрыкча, баласы, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты К.Акановго аябай басым болгон.

Мындан тышкары, ушул жылдын 27-майында “Чач” өзүнүн балдары аркылуу улуу уулу С.Акановго кол салуу уюштуруп, ага ок тийип, ооруканага түшкөн. Арыз жазуучу Сузак районундагы Кара-Дарыя айылындагы бардык “разборкалардын” артында “Чач” тураарын, дайыма курал менен басып жүргөнүн көрсөткөн.

Күбөнү суракка алып бүткөндөн кийин тергөөчү Т.Насиев Ош областык прокуратурасынын тергөөгө көзөмөл жүргүзүү жана оперативдик-издөө ишмердүүлүгү боюнча прокурору Р.Шерипбаевге телефон чалып, “Чач” боюнча кийинки кадамдарды сураган. Шерипбаев “Чач” боюнча кандайдыр бир процессуалыдк чечим кабыл алганга болбостугун жана өз алдынча иш кылса жеке өзү жооптуу болорун катуу эскерткен. Ошондуктан, Т.Насиев коркуп, “Чачты” камакка алуудан баш тарткан.

УКМК тарабынан учурда “Кыргызнефтегаздын” башкармалыгынын төрагасы Рашид Бостонов боюнча тергөө жүрүп жатат. “Чач” ушулардын жакын адамы, “крышасы”. Азыр “Чач” боюнча ишти УКМК прокуратура аркылуу өзүнө алды. Эми канчалаган жылдардан бери бул ишкананы жетектеп, уурдап-тоногону үчүн Бостоновдор жооп берет. Жалал-Абад областы боюнча “смотрящий” Эрнис Мурзахмедов Бостоновор менен катар мыйзам алдында жообун берет.

Элдин талабын ишке ашыра баштаган Ташиевке рахмат.

“БИЙЛИК – ЭЛГЕ, УУРУЛАР – ТҮРМӨГӨ!”.

 (Интернеттен алынды)