-Нарынбек мырза, президенттикке 63 адам каттоодон өткөнү мансапты жакшы көргөнүбүзбү же дараметибизди билбегенибизби?

-15- кылымда Флоренцияда Макиавелли Никколо  деген  акылдуу саясатчы  болгон. Кезинде Флоренциянын  тышкы иштер министри кызматын да аркалаган. Ошол киши  “Мансапты адам бала кезинен эле сүйөт. Бийликке кичине кезинен эле умтулат” деп  айткан. Чынында эле ошондой. Карап көрсөңөр кээ бирөөлөр колунан эч нерсе келбесе деле башкалардан өзгөчөлөнгүсү келет. Айрымдар чукул оюу же сөзү менен айырмаланса, кээ бирөөлөр кийими, чач жасалгасы менен өзгөчөлөнөт. Мансап, байлык, бийлик  убактылуу экенине карабай баары бийликке жеткиси, мансапка ээ болгусу келет.  Бир чети  болгон дараметибиз ушул экенин да билишпейт. Ар бир адам өзүн акылдуу, эстүүмүн деп ойлойт. Маселен, кээ бирөөлөр ыраңым суук деши мүмкүн. Бирок акылым тайыз дебейт. Чала акыл болсо деле өзүн акылдуумун, эстүүмүн, кыйынмын  дейт. Өмүрүндө жарым китеп окубаган адам деле “турмуштан чоң сабак алгам” деп сүйлөйт. Ошондуктан, көп адамдын акыбалына карабай президент болгусу келгени дараметибиздин төмөндүгүн  кадимкидей эле көрсөтүп турат. Президенттикке талапкер болгондордун арасында ким гана жок. Мен 63 кишинин көбүн тааныйт экенмин. Тааныбагандарымдын  өмүр баянын окуп,  таанышып көрдүм. Талапкерлердин арасында өмүрүндө бир да жерде, бир да күн иштебеген жигит жүрөт.  Эмгек стажы жок адам кантип президент болот. Жок дегенде беш кишини башкарган адам президент болот элем деп умтулса да бир жөн.  Ал жигит акыбалына карабай президенттик кызматка ат салышып, президенттик кызматтын же өзүнүн деңгээлин шылдың кылып жатат окшойт.

Негизи,  президенттикке ат салышам дегендердин  арасында татыктуу, элдин оозуна  алынган,  түз жүрүп,  түз сүйлөгөн, элге жаккан адамдар деле бар. Мисалы, Садык Шерниязды урматтап, сыйлагандар арбын. Ал да кандай акыбалга келип калганыбызды көрүп, президенттикке барам деп жатат окшойт. Ошондой эле эмоцияга алдырса да, түпкүлүгүндө эл деп күйүп-бышкан, жанымды курмандыкка чалсам дагы таза бойдон калам деген  Бактыбек Калмаматов  деген жигит бар. Аны менен  5 жыл чогуу депутат болуп калдым. Жүрөгүндө оту бар жигит. Элге, журтка күйүп бышканы көрүнүп турат. Текебаевге учурунда: “Ушул баладан бирдеме чыгат. Ушуну тарбиялап өстүрбөйсүңбү?”- деп да айткам. Ал жигит азыр болбосо да, келечекте элдин колдоосуна ээ болот деген ойдомун.

 -Президенттик шайлоодо чыныгы атаандаштык кимдердин арасында болушу мүмкүн?

-Президенттикке ат салышкандар ич ара  тандем түзүшү  керек. Тандемге барышпаса, эч кимиси жеңе албайт. Элди бөлүп -жарбай, оң канат, сол канат болуп, биримдикке келип,  тандем түзүшсө  чоң атаандаштык болот. Мисалы, азыр Канат Исаев менен Адахан  Мадумаров биригет деген сөздөр бар. Экөө чындап бириксе чоң күч болуп,  атаандаштыкты жаратат. Ошондой эле шайлоодо каражат да маселе чечет. Тагыраагы, аттангандардын көбүнүн  акча тыйыны жок. Президенттик шайлоо болобу жергиликтүү кеңештин шайлоосу болобу, каражат керектелет. Бирок каражаты барлардын элдин арасында урмат-сыйга  ээ болгону аз. Акчасы жоктордун элдин оозунан түшпөй жүргөндөрү бар. Эмнеси болсо да, шайлоо бул сапар таза өтөт деп Садыр Нуркожоевич убадасын берди. Баарыбыз шайлоо таза, тынч өтөт, мыйзам бузуу болбойт деп үмүттөнүп турабыз. 

ул жолу эл президенттик башкарууну каалагандарга көп добуш береби же жоопкерчилиги жок партиялык системаны туу туткандарды колдоого алабы?

-Биз президенттик башкарууну башыбыздан өткөргөнбүз да. Аны кааласак, артка кеткендей болуп калабыз го. Президенттик башкарууну өзүбүз каалаганыбыз менен даяр эмес экенбиз. Келген эле президент каалаганын жасап, чалмакейин чалаарына күбө болдук. Эгемендик алгандан кийин шайланган 5 президент тең өз билгенин  кылды. Аларды кой деген киши же эмне кылып жатасың деп  сураган жан болбойт экен. Алар кылчайып артын да карашпайт экен. Башка жердегидей эли үчүн, мамлекети үчүн иштеген президенттер бийликке келсе, абдан жакшы болмок. Бирок андай президент бизге келген жок. Ошондонбу 30 жылдан бери эл үчүн эмес, кара жаны үчүн иштеген  президенттерди көрдүк. Эми эл кайсыл башкаруунун тандаарын референдумда чечет. Бирок партиялык система менен депутаттарды тандаган парламенттик башкарууга  да даяр эмес экенибизди билдик. Парламенттик башкаруунун да ашмалтайын чыгардык. Кадырын кетирдик. Кошуналарыбыз да парламенттик башкарууга өткөнүбүздөн чоочулап, жугуштуу оору сыяктуу, жугабы деп кооптонуп жатышат. Ошондон улам бизге   үч бийлик бутагынын  ыйгарым укуктары тең болгон башкаруу ыңгайлуубу деп ойлоп калдым. Тагыраагы, аткаруу бийлиги премьер министр, мыйзам чыгаруу бийлиги парламенттин жана президенттин укуктары тең болсо, ошондо биз үчүн туура болот эле деген ойдомун. Анткени,  биз табиятыбыздан эркиндикти сүйгөн  көчмөн эл экенбиз. Ошону үчүн эч кимге оңой менен баш ийгибиз келбесин акыркы 15 жылда  көрсөтүп койдук. 

-Бул сапар президентти кандай критерийде тандашыбыз керек?

-Эл каалаган, эл сыйлаган  адамды президент кылышыбыз керек. Бүгүнкү күндө  эл чоң үмүт менен Садыр Жапаровду шайлайбыз деп турушат. Ага  5-6-октябрдагы окуялар далил. Кийин  Садыр Жапаровго  душмандар көп чыкканы менен ага чаң жугузбаган  жактоочулары да жетиштүү экенин көрдүк. Ошондуктан, айткан сөзүнө туруп, элдин үмүтүн актаса мен деле Садыр Жапаров президент болсо дегендерге кошулам.

- Баса,“Мөл Булак” кредит компаниясынын жетекчиси “президент кылып шайласаңар кредитиңерди кечем, тышкы карыздан кутултам”- деди. Шайлоодо карыздан кутултам деген  адамдар да колдоого ээ болуп кетиши мүмкүнбү?

-“Мени президент кылып койсоңор  кредитиңерди кечем” дептир. Бирок элдин канча пайызы андан кредит алды экен. Анын уставдык фондунда канча акчасы бар? Обороттук фондунда канча акчасы бар деген маселе бар.  Кытайдын карызынан куткартам деген сөзүнө мен ишене албайм. Анткени, Кытайдын карызынан кутулуу үчүн  канча миллиарддаган акча керек. Мунун каражаты  ашып кетсе, 2-3 миллион доллардын тегерегиндедир. Кытайдын карызынан куткарам деп калп эле көкүрөгүн чапкылай бергенине мен эмес, башкалар да ишенбейт. Микрокредиттик компания Кытайдын карызынан кутултуп жиберерине ишенбейм. Азыр эл да абдан такшалып калды. Оңой менен алданышпайт. Анын сөзүнө ээрчиген  кишилер көп деле болбосо  керек деп ойлойм.

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити