Сооронбай Жээнбеков бүгүн "Ала Арча" резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөдү. Ал эч бир кызмат өлкө бүтүндүгүнөн, адам өмүрү менен ден соолугунан бийик турбай турганын белгиледи. 

"Президенттик милдетти алганыма үч жыл болду. Көп иштерди жасадык, аткарылбай калган көп иштер да калды, ага ич ачышпай койбойт. Эки тизгин, бир чылбырды колуна алып жаткан тараптка ийгилик каалайм. Кудай колдосун", - деди. 

"Буйруса, араңарда болом. Үч жыл ичинде калкты турак-жай менен камсыз кылуу, ички иммиграцияны токтотуу, аймактарды өнүктүрүү саясатына өзгөчө басым жасадым. Коррупцияга каршы күрөш жүрдү. Коопсуз шаар долбоору ишке ашты. Өлкөнүн тагдыры 6-октябрга чейин жана андан кийин деп бөлүнүп калды. Бул күндөр бизге эмне алып келет, тарых тастыктайт. Оор кырдаалды жөнгө салууга аракеттенсин деген ачуу сын-пикирлерди уктум. Ал үчүн болгон күч-аракетимди жумшадым, журт тааныган ишмерлер жана өнөктөштөр менен тынбай сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм. Адам каны төгүлбөсүн, өлкө бөлүнбөсүн деп ушундай чечимге бардым", - деди Сооронбай Жээнбеков. 

Ал айрым адамдар оор кырдаалда отставкага кетүүгө акысы жок деп айтып жатканын, бирок бул кадамга эл тынчтыгын сактоо үчүн барганын, баарын убакыт таразалай турганын билдирип, "Эл алдында жүзүм жарык", - деп белгиледи.