Президент Сооронбай Жээнбековдун 6-октябрда берген "эки-үч күндө арызымды жазып бийликтен кетем" деген убадасы кандай болот? Бул суроого Садыр Жапаров президент менен бир катар депутаттар бирге жолугуп, акылдашып - талкуудан кийин ушундай пикирге келишкенин жооп берди.
"Бул элдин талабы болчу. Биз, бир катар депутаттар менен бирге президентке жолукканыбызда, "мен эки-үч күндө арызымды жазып кетем", - дегени чын. Биз аны элге жеткиргенбиз. Андан бери бир канча күн өттү, калганы кандай болоорун президент өзү чечет", - деди ал.