"Саясий куугунтуктан өткөн адам катары айтам, мен аны жон терим менен сездим. Мен билгенди, үй-бүлөм туш болгонду силердин эч кимиңер көргөн жоксуңар", - деди Садыр Жапаров. 

Бүгүн, 14-октябрда "Ала Арча" резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны болуп, анда өкмөт башчысын жана өкмөт курамын бекитүү маселеси каралды. 

Депутат Дастан Бекешев Садыр Жапаровго криминалдар менен күрөшүү жана саясий куугунтук тууралуу суроо берди. 

"Криминалдар менен күрөшөбүз. Ал эми саясий куугунтук болбойт", - деди Жапаров.