Бизди угушканда Кыргызстан карыз сурап, карызга белчесинен батып отурмак эмес. Мындай пикирин саясатчы Камчыбек Ташиев "Мекенчил" саясий партиясынын съездинде билдирди. 

Ал  "Кумтөр" маселесин ачык көтөрүп чыгышканы үчүн куугунтукка кабылышканын, анын кесепетинен Садыр Жапаров камалганын эске салды. 

"Сиздер жакшы билесиздер, 2012-жылы бийлик бизди “Кумтөр” маселесин ачык көтөрүп, парламенттик талкуу убагында элдик байлыктын тагдырын элге бурууга аракет жасап митинг уюштурганыбызда провокация уюштуруп, Садырды баш кылып камакка алган болчу! Бизди угушканда азыр минтип карайлап карызга батып, анын үстүнө дагы карыз алып кайырчы болуп олтурбай болчубуз! Андан бери дагы канча тонна алтын казылып, чыгарылып кетти. Ошонун баары Кыргызстандын пайдасына калса болбойт беле?!

“Кумтөр” бүткүл элдин трагедиясына, а бийлик башындагыларга болсо коррупциялык кормушкага айланды! Аны ачык көтөрүп чыгып, ашкерелеп, фактылар менен далилдеп берген Садыр досум Жапаров абакта азап тартып олтурат.

Ошондуктан, “Кумтөр” маселеси, мамлекетибиздин бардык кен байлыктары менин да, Садыр Нургожоевичтин дагы принципиалдуу маселебиз! Элдин байлыгы элге иштеш керек! Биз бул ишти таштабайбыз, андан башка дагы алтын кендеринин ишин талдоого алып, өндүрүлгөн кен байлыктардын көп бөлүгүн Кыргызстанга калтыруу жаатында ишти улантабыз, урматтуу калың кыргыз элим!" - деди Камчыбек Ташиев.