Президент Сооронбай Жээнбеков өз башкаруусун институт катары да, жеке инсан катары да уратты. Мындай пикирин 2019-жылы 7-8-августта Кой-Ташта өткөн окуяларды эскерген ЖКнын камактагы экс-депутаты Равшан Жээнбеков билдирди.

Саясатчынын билдирүүүсү Фейсбукта жарыяланган.

«Авторитардык башкарууга мүнөздүү аракеттердин жылдыгы, - деп жазган ал. - Бул окуя менен анын кесепеттерине жергиликтүү эле эмес, эл аралык коомчулук да көз салууда.
Биринчи кезекте кысым көрсөтүлүп жаткан адамдарга эмес, 30 жылдан бери реформаланбай, авторитардык режим жолунан түшпөгөн системага көз салып жатышат.
Соттордун жабык эшик артында азыр жасалмаланган иш өтүүдө. Бул саясий иш экени айдан ачык, соттоо сөздөрдүн негизинде гана болуп жатат. “Тергөө менен кызматташуу” дегениң мурдагы “кесиптештеринин” жолун улап, соттук орган менен жарандардын эркин үндөрүн басмырлаган УКМны көз каранды кылган учурдагы президент менен тил алышууну түшүндүрөт.

СИЗОдо жатканыма 9-ай кетти, бул аралык бою бийликтин бардык мыйзамсыз аракеттерине күбө болуудамын, жарандарга кысым көрсөтүлүп, оппозициячыл саясатчылар камалууда, көз каранды соттордун жетекчилиги астында өткөн соттук териштирүүлөр, пандемия учурунда чабал башкаруунун айынан канчалаган өмүрлөрдүн кыйылуусуна жол берүү ж.б. Бир гана нерсе айтат элем: президент менен анын командасы авторитардык президенттердин системасын улантуу менен өлкөдөгү жакырчылык, жумушсуздук, коррупция сыяктуу көйгөйлөрдү чече албайт жана ошондой эле реформаларды өткөрүп, экономикалык өнүгүүнү да ишке ашыра албайт.

“Президент Сооронбай Жээнбеков өз башкаруусун институт катары да, жеке инсан катары да уратты».

Булак: vesti.kg