Жогорку Кеңештин атамекенчи депутаты Наталья Никитенконун  акыркы учурларда таскагы катуу чыкчу болду. Буга чейин президентке кайрылып, шайлоону ѳткѳрүүнү токтотууну же мѳѳнѳтүн жылдырууну талап кылса, эми ЖК тѳрагасы Дастан Жумабековго кат менен кайрылып, кезексиз жыйынга чогулууну талап кылууда.

Анда эл ѳкүлү коронавирус инфекциясынын күчѳгѳндүгүнѳ байланыштуу ѳкмѳттүн маалыматын угуп, чара кѳрүү зарылдыгын айткан. Эгерде Наталья Никитенко шефи Ѳмүрбек Текебаевдин «добросу» жок эч кандай талаптарды койбой турганын эске алсак, анда кезексиз жыйын ѳткѳрүү менен Ѳмүрбек Чиркешович эмнени кѳздѳп атат? Кезексиз жыйын неге керек болуп калды башкы атамекенчиге?

Булак: “Майдан.kg” гезити, №22 (457) 15.07.2020-жыл